ЭАУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫН ӨТКӨРҮШТҮ

  • 18.11.2019
  • 0

14-ноябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Эл аралык медициналык колледжинин студенттери кайрымдуулук акциясынын алкагында Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, балдарга бир катар кызматтарды көрсөтүп келишти.

Анда студенттер медициналык тейлөө, жуундуруу, төшөнчүлөрүн жана кийимдерин алмаштыруу, бөлмөлөрүн тазалоо, балдарды сейилдетүү, тамактандыруу ж.б. иштерин жасашып, тарбиячыларга бир катар жардамдарды көрсөтүштү.

Бул окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери мындай кайрымдуулук акциясын аталган мекемеде жыл сайын өткөрүп турат.

Бөлүшүү

Комментарийлер