ЭАУнун СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН

  • 12.08.2021
  • 0

12-августта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин  ректораты юриспруденция багыты боюнча сырттан окуган 5-курстун студенти Курманбек уулу Баяманды салтанаттуу түрдө тосуп алып, соңку күндөрү жетишкен эки эл аралык деңгээлдеги спорттук жеңиши менен куттуктады.

ЭАУнун СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН

Курманбек уулу Баяман 28-июлда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Сузак айылында өткөрүлгөн ММА (Mixed Martial Arts – спорттук күрөш-мушташтын аралаш түрү) боюнча эл аралык таймашта 84 кг. салмагында I орунду ээледи. Ал таймашка Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын спортсмендери катышкан. Спортчунун экинчи жеңиши – 4-7-августта Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Биримдик-2021” аталышындагы спорттук күрөштүн беш түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 100 кг. салмагында грэпплинг (спорттук күрөш-мушташтын аралаш түрү) боюнча дүйнө чемпионунда жеңүүчү болду. Ага 17 өлкөдөн улуу жана жаш курактагы 500 спортчу катышты.

ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери Баяманды чын жүрөктөн куттуктайт жана анын спорттук жеңиштери менен сыймыктанып, мындан ары да албан-албан ийгиликтерге жетишүүсүн каалайт! ЭАУ жана бардык кыргызстандыктар Курманбек уулу Баямандын спорттук жеңиштери менен сыймыктанат!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер