ЭАУНУН СТУДЕНТИ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА II ОРУНДА

  • 01.02.2022
  • 0

К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин 3-курсунун студенти Рустамбек уулу Нурадин Өзбекстанда 22-30-январда бокс боюнча улан-кыздар арасында өткөрүлгөн U-22 Азия чемпионатында 71 кг салмагында II орунду ээледи.

Аталган чемпионатка 16 өлкөдөн 109 мушкер катышкан. Эске салсак, Рустамбек уулу Нурадин буга чейин Азиянын жаштар арасында бокс боюнча чемпионатынын коло медалын жеңип алган. Андан сырткары Кыргызстандын чемпиону жана бир катар эл аралык, республикалык мелдештердин жеңүүчүсү, байгелүү орундарынын ээси болуп келген.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер