ЭАУНУН СТУДЕНТИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУ

  • 14.09.2021
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жетекчилиги Казан шаарында 5-7-сентябрда өткөрүлгөн Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликте күмүш медалга ээ болгон Курстанбек кызы Ферузаны салтанаттуу тосуп алып, спорттук ийгилиги менен куттукташты.

ЭАУНУН СТУДЕНТИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУКурстанбек кызы Феруза 15-17 жаш курагындагылар арасында, 70 кг. Салмактагы спортчулар менен таймашкан. Ал К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 3-курстун студенти.  Кошумчалап кетсек, аталган биринчилик алдында ЭАУ ректораты аны Казан шаарына узатууда демөөрчү болуп, жаңы 2021-2022-окуу жылына окуу акысынан жеңилдик берген.

Бөлүшүү

Комментарийлер