ЭАУНУН ЛИДЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
- 22.11.2018
- 0
К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Манас Абдыкалыков 10-ноябрь – Кыргыз Республикасынын Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Студенттердин эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар алкагында жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.
Аны менен бирге ЭАУнун активист студенттери Максатбеков Шахсултан жана Мирлан уулу Өмүрбекке Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Жаштар иштери боюнча комитетинин Ардак грамотасы ыйгарылды.
Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.
Бөлүшүү
Комментарийлер