ЭАУнун КОЛЛЕДЖДЕРИНИН ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮ

  • 21.11.2022
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжи жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү бир катар билим берүү программалары боюнча программалык аккредитациядан өтүштү.ЭАУнун КОЛЛЕДЖДЕРИНИН ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮҮСҮ

Аккредитацияны Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агеттиги (ББП&УАА) өткөрүүдө. Эксперттик комиссиянын төрагасы ю.и.к., доц. М.С. Арстанбеков – Ош Мамлекеттик юридика институтунун окуу иштери боюнча проректору, референти техн.и.к., доц. С.М. Мамбеталиева — ББП&УАА директорунун орун басары, мүчөлөрү ОшТУ, КӨУ, ОшМЮИ, ОшМПИ жана РМСУнун Оштогу филиалынын окумуштуулук даражалары, наамдары бар бир катар адистери. Эксперттик комиссия ЭАУнун аталган колледждеринин орто кесиптик билими бар адистерди окутуунун, даярдоонун абалы, материалдык-техникалык базасы, окуу-илимий мүмкүнчүлүктөрү менен кылдат таанышып чыкты. Көрсөткүчтөр жалпысынан жакшы, эксперттик комиссия ЭАУнун аталган колледждерин 5 жылга аттестациялоого сунуштады. Албетте, бир катар маселелер боюнча суроолор жана сунуштар бар, алардын жүзөгө ашырылышы менен окуу жай адистерди окутуу, даярдоо деңгээлин дагы жогорулатмакчы. Мунун баары эске алынат, окуу жайдын “Сапаттуу билим – келечекке айкын жол!” ураанына ылайык илгерилетилет. Мындай аккредитациялар сапатка жана модернизацияга өбөлгө түзүшөт. ЭАУ ректораты жана ГЭК, ЭАКТК дирекциялары эксперттик комиссияга билим берүү сапатын арттыруу боюнча иштиктүү сунуштары үчүн терең ыраазычылык билдиришет!

ЭАУнун Кесиптик билим берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер