ЭАУДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООНУН СИМУЛЯЦИЯЛЫК МОДЕЛДӨӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

  • 31.03.2021
  • 0

 11-апрелде  жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын даярдык иш-чаралары жана ПРООН менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында 30-мартта К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.), т.а. ЭАУда жайгашкан №2106 тилкелик шайлоо комиссиясында, жаштарды тарбиялоо-окутуу максатында шайлоону өткөрүүнүн симуляциялык моделдөөсү уюштурулду.

Бул иш-чарага №2106 тилкелик шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, ЭАУнун кызматкерлери менен студенттери, ПРООН жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү катышты.

ЭАУДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНЕ ДЕПУТАТТАРДЫ ШАЙЛООНУН СИМУЛЯЦИЯЛЫК МОДЕЛДӨӨСҮ УЮШТУРУЛДУ

Шайлоонун симуляциясы жогорку сапаттык деңгээлде уюштурулуп, шайлоого болгон бардык мыйзамдык ченемдер жана демократиялык талаптар аткарылды.

ЭАУнун Окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректор, филол.и.к., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер