ЭАУДА КУРГАК УЧУК МЕНЕН КҮРӨШТҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА СЫНАК ӨТТҮ

  • 17.03.2021
  • 0

24-март — Кургак учук менен күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети  Жалал-Абад шаарындагы Медициналык колледждердин  студенттери арасында сынактык иш-чара өткөрдү.

ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин, ЖАМУнун Медициналык колледжинин жана Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттери катышты. Анда кургак учук оорусун алдын алуу, аны менен күрөшүүнүн негиздери боюнча билим сынагы, дубал гезиттеринин сынагы, удаалаш номинациялар боюнча жарыштар болду. Сынак кызуу атаандаштыкта өтүп, ЖАМУнун Медициналык колледжинин жана ЭАУнун Эл аралык медициналдык колледжинин студенттери өзгөчө айырмачылыгын көрсөтө алышты. Иш-чаранын меймандары тизмесинде Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалал-Абад Кургак учук диспансеринин жана Кызыл ай коомунун жетекчилиги, өкүлдөрү болушту. Бул тууралуу ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы кабарлады.

Кургак учук менен күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнү 1982-жылдан бери Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, ошондой эле Кургак учук жана башка өпкө оруулары менен күрөшүүнүн эл аралык биримдиги тарабынан микробиолог Робер Кохтун кургак учук оорусун козгогон Кох таякчасын аныктап ачкандыгынын 100 жылдыгына туураланып өткөрүлүп келет. Бул ачылыш 1882-жылдын 24-мартында болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер