ЭАУДА КИТЕПТЕР ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

  • 18.02.2020
  • 0

14-февралда  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде 14-февраль — Китептерди белекке тартуулоонун эл аралык күнүнүн алкагында китептер жарманкеси өттү. 

ЭАУДА КИТЕПТЕР ЖАРМАНКЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

Иш-чара ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун активист студенттери Каратаев Чыңгыз жана Үркүнбаев Нуртилек тарабынан уюштурулду. Жарманкеде сунушталган китептер бир топ тармактарга тиешелүү. Алар: экономика, ишкердик, педагогика, философия, психология, көркөм адабият, балдар адабияты ж.у.с. тармактар.  Бул күнү студенттер жана агай-эжейлер тарабынан көптөгөн китептер сатылып алынды.

Ар кандай электрондук гаджеттер өкүм сүргөн доордо мындай  акциялар  зарыл. Анткени китеп окуу абдан маанилүү нерселерден болуш керек деп эсептешет уюштуруучулар.

Бөлүшүү

Комментарийлер