ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ

  • 25.10.2021
  • 0

25-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте салтанаттуу түрдө күзгү студенттик спартакиаданын ачылышы болду.

Спорттук мелдеш 25-29-октябрь күндөрү өткөрүлөт. Спартакиаданын максаты — спорт аркылуу студент арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлде спартакиадаларга жана универсиадаларга окуу жайдын командаларын даярдоо. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу боюнча өтүүдө.

Спартакиаданын ачылышына арналган салтанаттуу чогулушта ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги Сатыбалды Өмүрзаков спортсмен студенттерге албан-албан спорттук ийгиликтерди жана аларга жетишүүдө командалык ынтымактагы оюндарды каалап кетти. Мындай спраткиадалардын өткөрүлүшү бул окуу жайдын жакшы салттарынан болуп калган, ал салттарды 1993-жылдан бери университеттин туңгуч ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги Кантөрө Токтомаматов негиздеп кеткен. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө жакшы сыйлыктар берилет. Биздин спортсмен улан-кыздарыбызга мыкты спорттук ийгиликтерди каалайбыз.

20-октябрда Ош шаарында “XXI кылым кадрлары” аттуу жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн студенттик демилгелер форумунун алкагындагы волейбол мелдешинде 3-орунду ээлеген.

Бөлүшүү

Комментарийлер