ЭАУДА ИННОВАЦИЯЛЫК АГРО БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 04.02.2022
  • 0

4-февралда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте «Энактус Кыргызстан» (Enactus Kyrgyzstan) коммерциялык эмес уюмунун “Жаш табышкер” долбоорунун алкагында Инновациялык агро борбор ачылды.

Борбордун ачылышы Европа Биримдигинин тийиштүү программаларынын колдоосуна алынган. Коомчулукка белгилүү болгондой, «Энактус Кыргызстан» уюму жаш лидерлерди, ишкерлерди жана окутуучуларды бириктирип, жаштардын ишкердик багытындагы баштапкы аракеттерин, долбоорлорун жана башка бизнес демилгелерин колдойт, илгерилетет. Аталган борбор мындан ары жергиликтүү жаштардын стартаптарын, т.а. алгачкы ишкердик аракеттерин жүзөгө ашырууда активдүү техникалык жана кеңештик колдоо көрсөтмөкчү. Ал үчүн бул борбордо тийиштүү техникалык каражаттар бар, экономиканын тармактары боюнча кеңештерди берген адистер болот. Борбордун ачылышына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жаштар бирикмелеринин, жарандык коомчулуктун жана бизнес түзүлүштөрдүн өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу  окуу жайдын Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер