ЭАУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТАМТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 22.11.2018
  • 0

20-ноябрда К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде дүйнө жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Чыңгыз – кыргыздын өчпөс жылдызы” аттуу темада онлайн режиминде илимий симпозиум өткөрүлдү.

ЭАУДА ЧЫҢГЫЗ АЙТАМТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков, Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий адиси И.Абдувалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Жалал-Абад областындагы өкүлү Э.Муратбекова о.э. Жалал-Абад шаарындагы жогорку жана кесиптик орто окуу жайлардын профессор-окутуучулары катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер