ЭАУДА  1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

  • 31.10.2018
  • 0

31-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин 1-курсунун студенттерин студенттикке кабыл алуу салтанаты өттү.

ЭАУДА  1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУ САЛТАНАТЫ ӨТТҮ

Иш-чарада окуу жайдын ректору А. Мамасыдыков 1-курстун студенттерин алгачкы студенттик майрамы менен куттуктап, алардын өкүлдөрүнө символикалык студенттик билет, символикалык сынак китепчесин жана ЭАУнун алтын билим ачкычын тапшырды. Андан кийин окуу жайдын Маданий-эстетикалык борборунун директору Б.Мадоморов жана Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы М.Абдыкалыков университеттин активист, чыгармачыл студенттеринин башын бириктирип, майрамдык концерт тартуулашты. Концертте окуу жайдын мыкты ырчылары шаңдуу ырларды ырдап, бий топтору улуттук жана заманбап бийлерди бийлеп,  тамашакөйлөр жана амалкөйлөр топтору учкул тамашаларды жаадырышты. Расмий бөлүктөн кийин студенттик майрам “Салтанат” ресторанында уланып, ал жерде дискотека, оюн-тамашалар уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер