ЭАУ СТУДЕНТТЕРИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ

  • 15.09.2021
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде жаңы 2021-2022-окуу жылы салтанаттуу чогулуш менен башталды.

Иш-чара  Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, университеттин ректору Сатыбалды Өмүрзаков студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга окууда албан-албан ийгиликтерге жетишүүлөрүн каалады. Ректор менен бирге бир катар жетекчилер да өз куттуктоолорун айтышты.

Салтанатка ЭАУнун Үзгүлтүсүз билим берүү институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин, Эл аралык медициналык колледжинин студенттери жана Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер