ЭАУ СТУДЕНТТЕРИ АКЫЛ ТАЙМАШТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ
- 30.10.2019
- 0
29-октябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Ойчулдар” студенттик командасы Жалал-Абад шаарындагы Укук, бизнес жана билим берүү академиясында өткөн “Университеттер достугу” интеллектуалдык оюнунда I орунду ээледи.
Акыл таймаш татаал атаандаштыкта өтүп, ЭАУ студенттери жогорку интеллектуалдык деңгээлин көрсөтө алышты. Экинчи орунду Жалал-Абад мамлекеттик университетинин командасы, үчүнчү орунду “Нур” колледжинин командасы ээлешти. Кошумчалай кетсек, “Ойчулдар” командасынын капитаны, ЭАУ Жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Максатбеков Шахсултан “Мыкты капитан” наамына татыктуу болду.
Бөлүшүү
Комментарийлер