ЕАЭБ УНИВЕРСИТЕТТЕРИ АДИСТЕРДИ ДАЯРДООДО ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮНҮН ЗАМАНБАП ФОРМАЛАРЫН АНЫКТАЙТ

  • 26.05.2022
  • 0
Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун алкагында «Жогорку билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара аракеттенүүнүн тармактык формаларын өнүктүрүү» тематикалык сессиясы болуп өттү.
Сессиянын катышуучулары өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулагандан кийин көмөктөшүүгө макулдук берилген бүтүм (резолюция) кабыл алышты.
— ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын илимий-билим берүү консорциумдарын түзүү;
— университеттер аралык кызматташуунун алдыңкы тажрыйбаларын жана моделдерин колдонуу;
— өз ара пайдалуу кызматташуу, алдыңкы тажрыйбаларды жана окутуу ыкмаларын алмашуу;
— кесиптик билим берүүнүн трансчек аралык дистанттык формаларын өнүктүрүү;
— ЕАЭБ ЖОЖдорунун студенттеринин мамлекеттер аралык окуу (илимий) практикасы, анын ичинде аралыктан окутуу;
— ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кесиптик даярдоонун жана квалификацияны жогорулатуунун онлайн-программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
— кесиптик окутуунун салыштырмалуу деңгээлине жетишүү;
— кесиптик билим берүү тармагында ЕАЭБдин бирдиктүү мейкиндигин түзүү.
Бөлүшүү

Комментарийлер