ЭҢ КӨП ОКУУЧУ БИЛИМ АЛГАН МЕКТЕПТЕ 1-КЛАССТАН 14 КЛАСС АЧЫЛДЫ

  • 02.09.2020
  • 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы Новопавловка №1 окуу-тарбия комплес-лицейинде 1-класстар үчүн 14 класс ачылды.

Аталган лицей Кыргызстан боюнча эӊ көп окуучу билим алган мектептердин сап башында турат.

Лицейдин директору Мээрим Закированын айтымында, 1-сентябрда 1-класстын окуучуларын мектепке санитардык талаптарды сактоо менен кабыл алышты.

14 класста 40-45 окуучу болсо, аларды экиге бөлүп, аралыкты сактоо менен окуучуларга класстык саат өткөрүлдү.

Аталган комплекс-лицейде 4900 окуучу окуйт.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер