ЭҢ АРДАКТУУ, СҮЙҮКТҮҮ АДАМЫБЫЗ

  • 29.05.2022
  • 0

Коомдо Сузактагы мугалим менен окуучунун ызы-чуусу катуу резонанс болуп жатат. Эгер чындап изилдей келсе, маселенин өзөгү тереңде. Мугалим жөнүндө кандай сөз болсо да, негедир ушул асыл адамды дайыма эстейм, ыраазы болом. Ошон үчүн башкалар дагы билсин деп жазып жатам. Негизи 9 жыл мектепте окуп, чыныгы мугалимге кезигип калуунун өзү эле кандай бакыт!

Бишкектеги №12 мектеп-гимназияда окуган балдарыбыз жетинчи класска жаңы киргенде эле бир топ жыл класс жетекчи болгон мугалимибиз биздин балдарга класс жетекчи болуудан баш тартып, классты таштап салды. Себебин сурасак, бир окуучунун энеси анын үстүнөн тынымсыз эле директорго даттана берет экен. Акыры тажап, башка классты алып кетип калды.

Биздин жетинчи класска класс жетекчи болом деген киши чыкпады. Баары алыстан качып, «начар класс, балдар баш бербейт, окуулары дагы өтө жаман» деп качып жатышканы угулуп жатат да. Ата-энелердин ватсабында биз өз ара күдүңдөп жатабыз. Бир топтон кийин эле ошол жылы мектепке жаңы келген, англис тилинен сабак берген жаш кыз «ушул классты мага бергиле» деп өзү сурап алганын уктук. «Бу кандай неме болду экен?» деп биз да ойлодук, бирок жоктон көрө балдарга класс жетекчи болгону жакшы эмеспи деп тынчый түштүк.

ЭҢ АРДАКТУУ, СҮЙҮКТҮҮ АДАМЫБЫЗ

Өзү каалап биздин классты колго алган Алия Мыктыбековна Нарынбекова ата-энелердин ватсабын жаңыртып, балдардын баары тууралуу маалыматты салып, кимиси өз ата-энеси менен жашайт, кимисинин ата-энеси миграцияда, кимиси туугандары менен жашайт дегендерди сурамжылап, бизди да кабардар кылды. Анан балдардын өзүнчө ватсап тобун түзүп, аларга тамаша, юмор, ар кандай сүрөттөр, маалыматтар менен ошол эле учурда окууну кантип жакшыртуу керек деген маалыматтар менен байма-бай бөлүшүп, балдарыбыз бир айдан кийин эле Алия Мыктыбековна ооздорунан түшүрбөй калышты. Айрыкча эркек балдар жаман окугандан кадимкидей уялып, кыздар Алия Мыктыбековна менен сырдаш болуп чыгышты. Каникул учурларында үйдө отура бербей тоого чыгалы, Ара-Көлдү көрүп келели, балдар, жүргүлө киного баралы деп, балдарды жакындатып, ушунчалык ынтымакты ширетип салды. Адабий китеп окушуп, аны талдап, жуманын бир күнү кечке англисче сүйлөшүп, балдарыбыз англис тилден кадимкидей оңолуп калышты. Алия Мыктыбековна айтты деген сөз закон боло баштады. Ал айттыбы, бүттү, эмне болсо да жасаш керек. Балдардын окуусу кадимкидей жакшырып, сабактар бүткөндөн кийин да Алия Мыктыбековна менен жарым сааттай сүйлөшмөйүнчө кетпей калышты. Класстык саат болот дегенде кадимкидей күтүшүп…

Аңгыча коронавирус деген балээ чыкты. Балдар төртүнчү чейректи үйдөн окумуш болушуп, сегизинчи классты толук онлайн окууга өтүштү. Баягы биздин жакшы окуп жаткан балдарыбыз окууну таштап салышты. Баары кескин начарлады. Менин балам «кийин мектепке барганда окуйм, азыр окубайм» деп эле каратып туруп окубай койду. Кудай жалгап, урушканга жеткен жокпуз, бирок аябай сүйлөшүп, болгон аракетти жакшы эле кылдым. Сегизинчи класста окуп жүргөндө балам экөөбүз мектепке эки жолу завучтун алдына бардык. Себеби, окуусу кескин начарлап, баланы чакыртып алып сүйлөшүштү. Алия Мыктыбековна да абдан жаман болуп жүрдү. «Ты моё солнце», «моё золото» деп ар бир бала үчүн күйүп-жанып, көзүнө жаш келгидей болсо, бери жакта биз жаман болдук. Кыздарды билбейм, бирок угушумда эркек балдардын баары тең кийин мектепке келгенде абдан жакшы окуйбуз деп, Алия Мыктыбековнага убада беришиптир.

Ошентип тогузунчу класска көчтүк. Мектепке барышып, мурдагыдай эле Алия Мыктыбековнаны балдар ооздорунан түшүрүшпөйт. Айтмакчы, балдар убадасына турушуп, чын эле жакшы окуп кетишти. Алия Мыктыбековна өз классын бардык конкурстарга катыштырып, биздин тогузунчу классыбыз алдыңкы орундарды ээлеп жатышты. Ал ортодо кесиптик багыт берүү боюнча да иштерди өз алдынча жүргүзүп, ар бир окуучунун мүнөзүнө, жөндөмүнө жараша сен ушундай кесипте окусаң болот деп багыт берип турду. Алия Мыктыбековна айтты деген сөз кадимкидей авторитет болуп калды. Биз дагы жаш болсо да жаны тынбаган, балдарды жакшы көргөн мындай мугалимди мурда учуратпагандыктан, кадимкидей сыйлап калдык. Ошентип дүйнөбүз түгөл турганда Алия Мыктыбековна быйыл жаңы жылдан кийин мектепти таштап, башка өлкөгө иштеп кетти. Биз эчтеке эмес, балдар үчүн ушунчалык катуу сокку болду. Тогузунчу класста окуп эр жетип калган балдарыбыз эмне кылаарын билбей калышты. Ата-энелер биз дагы жаман болуп, Алия Мыктыбековнага жаңы жылда жакшы белек берип коштоштук. Балдар анын инстаграмдагы маршрутун, койгон сүрөттөрүнөн бери карашып, кайсы өлкөгө иштеп калганын айтып келишти. Себеби кеткиче кайсы өлкөгө барарын айтпай койгон экен.

Ошондон кийин биздин классты дагы бир класс жетекчиге кошумча кылып кошуп беришти. Анын жылуу эле жаны бар, балдардын келип-кеткенин, кечигүүсүн тактагандан башка сөз жок. Биздин балдар эми чыйралып, өздөрү жакшы окуй башташты, Алия Мыктыбековна үйрөткөндөй конкурстарга катышып, алдыңкы орундарга жетип жатышты. Аны менен такай байланышта болуп турушат.

Ушу тапта тогузунчу класс бүтүрүүчү класс болгондуктан, виньеткага сүрөткө түшүүнү чечишти. Класс жетекчи катары баары бир ооздон Алия Мыктыбековнанын гана сүрөтүн коёбуз дешти. Анын макулдугун да алып коюшуптур.

Балдарыбыз, биз дагы кандай ардактуу, асыл адамыбыз болгонун азыр аябай түшүнүп жатабыз…

 

Аскер Сакыбаева, журналист

Бөлүшүү

Комментарийлер