ДУАЛДЫК ОКУТУУ: КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «SONUN PRODIMPEX» ИШКАНАСЫНДА

  • 27.10.2026

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Технология жана биоресурстар» факультетинин Тех(б)-1-23 тайпасынын студенттери Бишкектеги «Sonun Prodimpex» консерва заводунда дуалдык окутуудан өтүштү.  ДУАЛДЫК ОКУТУУ: КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «SONUN PRODIMPEX» ИШКАНАСЫНДА

Практикалык сабактар доцент К.Н. Осмоналиеванын жетекчилиги алдында «Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы» дисциплинасынын алкагында уюштурулду. Окуу процессинин теориялык бөлүгү кафедрада өтүлсө, практикалык бөлүгү түздөн-түз өндүрүш базасында жүргүзүлдү. ДУАЛДЫК ОКУТУУ: КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «SONUN PRODIMPEX» ИШКАНАСЫНДА

Бул завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен жабдылган. Ишкана тарабынан студенттерге тажрыйбалуу инженер-технолог К.Ж. Исмаилов насаатчы болуп дайындалып, анда келечектеги адистер технологиялык процесстерди терең өздөштүрүштү.

Окуу учурунда студенттер эмгекти коргоо, өндүрүштүк санитария жана тамак-аш коопсуздугунун талаптары менен таанышып, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнүн заманбап ыкмаларын көргөзүштү. Ишкана жетекчилиги тарабынан алар үчүн коопсуз жумуш орундары түзүлүп, атайын кийимдер жана бардык зарыл шарттар камсыздалды. ДУАЛДЫК ОКУТУУ: КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «SONUN PRODIMPEX» ИШКАНАСЫНДА

Дуалдык билим берүүнүн соңунда студенттер жана жетекчи доцент К.Н. Осмоналиева заводдун жетекчиси Ш.Д. Майлиевага жана инженер-технолог К.Ж. Исмаиловго түзүлгөн ыңгайлуу шарттар жана көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиришти. ДУАЛДЫК ОКУТУУ: КУАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «SONUN PRODIMPEX» ИШКАНАСЫНДА

Мындай тыгыз кызматташтык студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө жана келечекте квалификациялуу кадр болуп калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү