ДОСТУК МАЙРАМЫ

  • 21.02.2023
  • 0

Токмок шаарындагы А.Осмонов атындагы №8 орто мектепте Эл аралык эне тилине арналган форум өттү.

Форумга Токмок шаарындагы 13 мектептин окуучулары катышты. Эне тилине арналган кечеге Токмоктогу №2 жана №6 бала бакчанын бөбөктөрү да келип, эне тилине арналган ырларды ырдап, бийлерди бийлегени өзгөчө шаңга бөлөдү.

ДОСТУК МАЙРАМЫ

Эл аралык эне тилине арналган форумдун ардактуу коноктору Токмок шаарынын мэринин орун басары А.Сулайманов, шаардын ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Туркменов, райондук билим берүү кызматкерлеринин Токмок шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Д.Жумалиева тил майрамына арналган салтанаттын катышуучуларын кызуу куттуктап, жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрүн айтышты.

ДОСТУК МАЙРАМЫ

Ага ошондой эле мэриянын жетектөөчү адиси, мэриянын мамлекеттик тил боюнча адиси Г.Аманкулова, шаардык кеңештин депутаттары, Токмок шаарынын Достук үйүнүн диаспораларынын төрагалары жана ошондой эле мектеп директорлору катышты.

Эне тили тууралуу балдардын чыгармачылык менен даярдаган дубал газеталары жана көркөм окуган ырлары катышуучуларды кайдигер калтырган жок.

Форумдун соңунда катышуучулар Токмок шаарынын Ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер