ДОСТОРДУН КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ЖОЛУГУШУУСУ

  • 15.07.2021
  • 0

Кечээ көгүлтүр көл жээгинде «Балажан» балдар борбору жыл сайын уюштуруп келаткан «Ысык-Көл досторун чакырат» этно-карнавалдын расмий ачылышы болду. Аны «Балажан» чыгармачыл балдар борборунун директору Дарья Сапарбековна Мусина ачып, алыс-жакындан келишкен меймандарга ийгилик каалады.

ДОСТОРДУН КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ЖОЛУГУШУУСУ

14-июлдан 19-июлга чейин өтүүчү өнөрлүү балдардын бул майрамына Россия, Казакстан, Өзбекстандын жаш таланттары жана республикабыздын жети дубанынан келишкен өнөрлүү балдарыбыз катышууда.

ДОСТОРДУН КӨЛ ЖЭЭГИНДЕГИ ЖОЛУГУШУУСУ

Этно карнавалдын программасы өтө бай. Ар башкача аталган ар күнү балдар ошол темалардын алкагында иш алып барышууда. Ошондой эле эл аспаптары, элдик бийлер, эстрада ырлары боюнча мастер-класстар өтүлүп, катышуучулар алдыда боло турган өнөр таймашка кызуу даярданып жатышат.

Айнагүл Кашыбаева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер