ДОРДОЙДОГУ «АКЫРКЫ КОҢГУРОО» САЛТАНАТЫ

  • 25.05.2023
  • 0

25-майда Дордой конушундагы № 94 жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи өткөрүлдү.

ДОРДОЙДОГУ "АКЫРКЫ КОҢГУРОО" САЛТАНАТЫ

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Елизавета Алымбаева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин  башкы адиси Айнура Мурсаева, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан Айнура Койлубаева катышты.
Бүтүрүүчүлөр майрамында мектептин алдыңкы мугалимдери  Сулайманова Бурулкан, Абдыласова Сүйөркан, Ташыбекова Айжан, Бешкемпирова Назгүл, Мааметова Света райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарына ээ болушса, Ураимова Айзада, Максутов Алиаскар жана Жумабаева Акбермет мектеп грамотасы менен сыйланышты.

Буайша НАЗАРБЕКОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер