МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

  • 21.08.2026
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” аттуу мугалимдердин улуттук форуму өз ишин баштады. Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Агартуу министри Д.Ш. Кендирбаева катышууда.МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө 12 жылдык билим берүүнүн маанисине токтолду:  “Мектептердеги 12 жылдык билим берүүнүн башкы натыйжасы сапаттуу билимге ээ, атаандаш турмушка даяр инсан даярдоо. Дүйнөлүк билим берүүдө бүгүн келечекке даяр муун деген түшүнүк кеңири колдонула баштады. Ошол эле учурда ал эне тилин терең билген, тарыхын тааныган, ата-баба мурасын аздектеген, мамлекеттин келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылган жаран болуп жетилиши зарыл. 12 жылдык билим мектептин философиясын, билимдин мазмунун, окутуунун ыкмасын жана күтүлгөн натыйжаны жаңылоо. Азыр маалыматты жаттоого басым жасаган моделден, алган билимди турмушта колдоно билүүгө багытталган билим берүү моделине өтүү жүрүп жатат”

Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө басым жасоо зарылдыгын белгиледи: “Билим берүү адам капиталын өнүктүрүүнүн, экономикалык өсүштүн жана өлкөнүн атаандаштык жөндөмүнүн негизги фактору. Бала бакча, мектеп, кесиптик лицей, колледж жана университет өз өзүнчө жаңыланбастан, адамдын мектепке чейинки курагынан тартып кесиптик жана жогорку билимге андан ары өмүр бою билим алуусуна чейинки бирдиктүү билим берүү траекториясы калыптанууда.

Кылым жаша, кылым оку дегендей, өмүр бою билим алуу бүгүнкү доордун талабына айланып, күчтүү адам капиталын калыптандыруунун негизин түзөт. Мектепке чейинки билим терең мүмкүнчүлүктөрдүн башаты. Билим берүүдө мектепке даярдык баланын эрте өнүгүүсү өзгөчө мааниге ээ. Биздин максат баланын кандай шартта төрөлгөнүнө карабастан, өнүгүүгө, тарбияга жана сапаттуу мектепке чейинки билимге мүмкүнчүлүк түзүү”,- деди Касымалиев.

МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

Форумдун алкагында Агартуу министрлигинин 2025-2026-окуу жылында аткарган иштери боюнча жыйынтыктоочу видео отчету катышуучуларга тартууланды.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө «Келечектин билими» аттуу атайын көргөзмө жана заманбап интерактивдүү зоналар уюштурулган. Анда кесиптик лицейлердин, мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетишкендиктери, билим берүүдөгү жаңы багыттары көрсөтүлүүдө. МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

Форумдун алдында Д.Кендирбаева журналисттерге чыгып сүйлөдү: «Эң оор маселе — мына бүгүн август кеңешмесинде да айтылат — деги эле билим берүү системасы өтө көп нерседен көз каранды. Биз ата-эненин маданиятына көз карандыбыз. Ата-эненин балага жасаган мамилесине, баалуулуктарына көз карандыбыз. Эң негизгиси — биз мугалимдерге көз карандыбыз. Мугалимдердин кесипкөйлүгү, билим-билгичтиги жана балага кылган мамилеси кандай деңгээлде болсо, биздин ийгилигибиз ошого жараша болот. Көрсө, каржы маселеси тез эле чечилет экен. Мына, эки жылдан бери Президенттин демилгеси менен каржылоо маселеси 100% чечилди. Өмүрү берилбеген автомашиналарды билим берүү мекемелеринин жетекчилери алып жатышат. Китепке миллиарддаган сомдор бөлүнүүдө, мектептерге миллиарддаган сомдор салынып жатат».

«Бирок эң көйгөйлүү нерсе — мугалимдин компетенттүүлүгү жана жоопкерчилиги. Биз балдарга багытталган туура мамилени камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, мындан бир кылым мурун, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу негизделсе, 100 жылдан кийин биз дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү системасын куруп жатабыз. Ошондуктан биз мугалимдерге чакырык жасагыбыз келет: бардык шарттар түзүлүп жатат. Ноутбуктар берилип, жаңы окуу китептери басылып, айлыктар көтөрүлүп, жаңы социалдык шарттар жаралууда. Мүмкүнчүлүккө жараша мугалимдерге ипотека берилип жатат. Ошондуктан мугалимдерге кайрылат элем: биз жан дилибиз менен, балдарга берилип иштейли!» -дейт министр айым.  МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

МУГАЛИМДЕРДИН УЛУТТУК ФОРУМУ

Бөлүшүү

Комментарийлер