Улуттук педагогикалык форум: негизги чечимдер жана өзгөрүүлөр
- 21.08.2026
- 0
Бүгүн Бишкекте мугалимдердин салттуу август кеңешмеси — улуттук педагогикалык форум өтүп жатат. Бул жыйында билим берүү тармагында жүрүп жаткан негизги өзгөрүүлөр жана жаңы окуу жылындагы милдеттер талкууланууда.
Иш-чара кесиптик лицейлердин, мектептен тышкаркы уюмдардын көргөзмөсү жана “Келечектин билими” интерактивдүү зоналары менен башталды. Көргөзмөнү КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева кыдырып чыгышты.
МинКаб Төрагасы форумда сүйлөгөн сөзүндө тармакка бөлүнүп жаткан рекорддук каражаттарды баса белгиледи:
- Бюджеттин өсүшү: 2026-жылы айлык акы фонду 99 млрд сомдон ашты (2023-жылы 40 млрд сом болгон).
- Инфраструктура: Соңку 5 жылда 390 ашык жаңы мектеп курулуп, 110 ашууну капиталдык оңдоодон өттү. Аймактарга 91 кызматтык автоунаа тапшырылды.
- Бала бакчалар: Мектепке чейинки билим менен камтуу 51% жетип, 2030-жылга чейин 80% жеткирүү максаты коюлду.
- Китептер: 2025-жылы 860 млн сомго 4,8 млн даана китеп басылса, 2026-жылы дагы 740 млн сомдон ашык каражат бөлүнүүдө.
- Сынактар жана ЖРТ: ЖРТнын орточо баллы 128ге жетип, 56 окуучу “Алтын сертификат” алды. “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагынын жеңүүчүлөрүнө квартиралар тапшырылууда.
- Эл аралык ийгиликтер: 2026-жылы окуучулар эл аралык олимпиадаларда математика жана физикадан медалдарды, ал эми жасалма интеллект боюнча алтын жана күмүш утушкан.
Учурда форумдун жумушчу программасы төмөнкүдөй тартипте уланууда:
- Стратегиялык талкуу: “Жаңы окуу жылына карата чечимдер” панелинде КБАнын президенти Н. Дюшеева, “Окуу китеби” басма үйүнүн директору Т. Аматов, РПКИАИ директору А. Токтомаметов ж.б. презентация жасашууда.
- Анын соңунан агартуу министринин орун басарлары М. Баймурзаев, Н. Джусупбекова, В. Мозгачева жана бөлүм башчылардын катышуусунда “Министрлик жооп берет” ачык диалогу пландалган.
- Түшкү тыныгуудан кийин форумдун катышуучулары Улуттук тарых музейине барышат.
Нурлан КЫДЫКОВ, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер