ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ОШТО АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ
- 11.06.2026
- 0
Бүгүн, 11-июнда, Ош шаары менен Ош облусунун ата-энелери үчүн биргелешкен “Доор өзгөрткөн билим” ата-энелер форуму Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде өтүүдө.

Форумга Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова, ошондой эле жогорку окуу жайлардын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кабинеттердин, кесиптик лицейлердин өкүлдөрү, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер, тарбиячылар жана ата-энелер катышууда.
Форумдун катышуучулары белгилегендей, мындай аянтчалар ата-энелер менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, реформалардын ийгиликтүү ишке ашуусуна түз шарт түзөт. Иш-чаранын соңунда министр аткарылып жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө ар бир аймактын жигердүү катышуусу керектигин жана бул багыттагы иш-аракеттер дагы да күчөтүлөрүн кошумчалады.





Комментарийлер