ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: БИШКЕКТЕ 33 МЕКТЕП САЛЫНАТ

  • 20.05.2026
  • 0

2026-жылдын 20-майында Бишкек шаарындагы “Жаштык” аренасында өлкө келечеги жана балдардын билимине арналган “Доор өзгөрткөн билим” аттуу масштабдуу ата-энелер форуму уюштурулду. Иш-чарада “Алтын казык” мамлекеттик билим берүү программасынын алгачкы жыйынтыктары, тармактагы жаңы реформалар жана трансформациянын кезектеги этаптары талкууланды. Ата-энелер менен мугалимдер Агартуу министри Д. Кендирбаевага, Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиевге, облус башчыларынын орун басарларына жана тармактык эксперттерге түз суроо узатып, ачык пикир алыша алышты. Форумда Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев да борбор калаадагы билим берүү тармагынын абалы тууралуу сөз сүйлөдү.

ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: БИШКЕКТЕ 33 МЕКТЕП САЛЫНАТ

Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиевдин сөзү:

Саламатсыздарбы, урматтуу Догдуркүл Шаршеевна! Кадырлуу ата-энелер, ардактуу педагогдор жана билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Бүгүн борборубуз үчүн эң маанилүү күндөрдүн бири. Догдуркүл Шаршеевна, Бишкекте ушундай терең мааниге ээ, масштабдуу иш-чараны уюштурганыңыздар үчүн сизге терең ыраазычылык билдирем. Себеби, билим берүү – бул биздин эртеңки келечегибиз. Шаарда жасалып жаткан алгылыктуу иштердин баары түз же кыйыр түрдө ушул тармакка байланышат.

Бүгүн биз борбор калаада аткарылган иштерди чагылдырган атайын тасманы да даярдап келдик. Анткени айта турган, сыймыктана турган иштер бар. Ошону менен бирге, алдыбызда чоң чакырыктар турат. Элестетсеңиздер, мындан болгону эки-үч жыл мурун Бишкекте 180 миңге чукул окуучу бар болсо, бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформанын, ички миграциянын натыйжасында бул көрсөткүч 260 миңден ашты. Башкача айтканда, окуучулардын саны кыска убакытта дээрлик эки эсеге өстү. Бул бизден жаңы, ыкчам чечимдерди талап кылат.

Азыркы тапта шаарда 120 мектеп, 127 бала бакча кызмат көрсөтүп жатат. Инфраструктураны кеңейтүү багытында чоң секирик жасадык. Алсак, 2021-2022-жылдары 15 билим берүү мекемесин куруп, ишке киргизгенбиз. Ал эми быйыл, Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу жана Агартуу министрлигинин демилгеси менен Бишкекте бир эле учурда 20 мектептин курулушу башталуу алдында турат!

Муну менен эле чектелбейбиз. Бир гана мамлекеттик же жергиликтүү бюджетке салмак салбастан, сырткы булактарды да тартып жатабыз. Кудай буюрса, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу 12 мектеп курулат. Бул боюнча келишимдер түзүлүп, расмий чечимдер чыкты. Россия Федерациясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында дагы бир заманбап чоң мектеп бой көтөрөт. Жалпысынан эл аралык фонддор жана республикалык бюджеттин эсебинен 33 мектеп салынат. Биз да жөн турбастан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошумча 3 мектеп жана 4 бала бакчанын курулушун баштадык.

Дагы бир маанилүү жагдай: мамлекетибиздин чечкиндүү саясатынын алкагында убагында мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен имараттарды кайтарып алып, кайра өз багытында иштетүүдөбүз. Бүгүнкү күндө 8 бала бакчанын имараты кайтарылса, анын 5ин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдарыбызга бердик. Жыл аягына чейин калгандарын да толук бүтүрүп, ишке киргизебиз.

Биз билим менен катар жаштарыбыздын тарбиясына да өзгөчө көңүл буруубуз керек. Бүгүн биз жыйын өткөрүп жаткан “Жаштык” аренасы да ушул максатта курулган. Ноябрь айында ачылган бул борбордо кыска убакыт ичинде 35тен ашык ири иш-чара өтүп, ага 200 миңге жакын адам баш бакты. Ал эми бүгүн бул жерде 3 миңден ашуун ата-эне менен ачык-айкын пикир алышып, орток маселелерди талкуулап жатабыз.

Ошондой эле, шаардын социалдык маданий жүзүн өзгөртүү максатында, баарыңыздарга белгилүү “Чатыр-Көл” кинотеатрынын эски имаратын бузуп, жаңы курулушун баштадык, аны ушул жылы ишке киргизебиз. Жаштарыбыз үчүн “Юный техник” борборунун да курулушу кызуу жүрүүдө.

ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: БИШКЕКТЕ 33 МЕКТЕП САЛЫНАТ

Бишкек шаарынын мэриясы мектеп, бала бакчалардын курулушу жана капиталдык оңдоо иштери боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенимдүү убада берем. Билим берүү тармагындагы реформалар – турмуштун өзү көрсөткөн зарылчылык. 180 миңден 260 миңге чейинки өсүш – бул бизге ташталган чоң чакырык. Эгер биз бүгүн билимдин сапатын жана тутумун туура жолго койбосок, эртең кеч болуп калат. Борбор калаанын билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн сиздер менен ар дайым биргелешип иштешүүгө даярбыз!

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер