ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: АКСЫДА 226 МУГАЛИМ ОКУУДАН ӨТТҮ
- 07.08.2026
- 0
2025–2026-окуу жылында Аксы районунда башталгыч класстардын 226 мугалими 12 жылдык билим берүүдөгү Кембридж программасын Сингапур методикасы менен окушуп, педагогикалык кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсунан өтүп, билимин тастыктаган сертификаттарга ээ болушту.
Жыл ичинде 12 жылдык билим берүүнүн алкагында ар түрдүү темада ачык сааттар жана семинарлар уюштурулуп, педагогдор алган билимдерин ишке ашырууда такшалып жатышат. Сертификат тапшыруу аземи офлайн форматта өтүп, чай үстүндөгү кесиптештердин баарлашуусу жандуу, кызыктуу жана ар тараптуу сүйлөшүүлөр менен коштолду.
Алыс аймактан келген кесиптештердин ар кандай шартта иштеп жаткандыгы көңүлгө алынып, аларга дем-күч берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Өткөн окуу жылындагы каталарын байкашып, келерки окуу жылына план түзүп иштөөнүн жаңыча ыкмаларын дагы да үйрөнүп, окууга даяр экенин билдиришти.
Учурда педагогдорду кайра окутуп даярдоо боюнча мастер-тренерлер өз тажрыйбалары менен бирге «Алтын Казык» долбоорунун негизинде «Доор өзгөрткөн 12 жылдык билим берүүнүн» жаңы программаларын даярдап, мугалимдерди кайрадан билимин жогорулатууга чакырышты. Балдардын келечегинин өзөгү мектептен башталып, ар бир мугалимдин билим деңгээлин жогорулатууга жана чыгармачылык менен иштөөгө мындай иш-чаралардын пайдасы чоң.
«Алгачкы агартуучу» деген эмблема ар бир кесиптештин төшүндө турганы жана ошол учуру келгенде төш белгиси болсун деген тренердин каалоосу катышуучулардын жүрөгүн толкутту.
Иш-чарага Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинет башчысы, мастер-тренер Салтанат Карабалаева жана мастер-тренерлер Уулжан Шакыевна Жанузакова, Эльмира Мырзамамытова катышып, педагогдорго ийгилик каалашты. Педагогдор менен биргеликте тынбай эмгектенип жаткан мастер-тренерлерге терең ыраазычылык айтылды.
А.К., «КБ»
Комментарийлер