ДОХАДАГЫ АРАБ ТИЛИНДЕГИ ДЕБАТТАР: ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЙГИЛИГИ

  • 01.04.2019
  • 0

Эл аралык Кувейт университетинин студенттик командасы Катардын баш калаасы Доха шаарында болгон араб тилиндеги бешинчи эл аралык биринчиликте 37 команданын ичинен бешинчи орунду ээлеп кайтты.

ДОХАДАГЫ АРАБ ТИЛИНДЕГИ ДЕБАТТАР: ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЙГИЛИГИ

 

106 жогорку окуу жайларынан түзүлгөн командалар  катышкан биринчилик 15-20-март күндөрү болду. Чемпионат  эки категория менен өткөрүлдү. Биринчи категорияда араб тилдүү мамлекеттерден барган  69 команданын  арасында оюн жүрдү, ал эми   экинчи категория араб тилдүү эмес мамлекеттерден  барган  37 команда күч сынашты.

ДОХАДАГЫ АРАБ ТИЛИНДЕГИ ДЕБАТТАР: ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЙГИЛИГИ

Экинчи категорияда бешинчи орунду ээлеген эл аралык Кувейт университетинин студенттик командасынын курамында “Араб тили жана линвистика” факультетинин 3-курсунун студенттери Кемелов Улукбек,  Качкынбаев Турдакун,  Умаров Мухамедали жана “Журналистика жана коом менен байланыш” факультетинин 2-курсунун студенти Бийназаров Нурсултан болду. Команданы даярдап, жетектеп барган “Араб тили жана линвистика” кафедрасынын ага окутуучусу Конокбаев Нурсултан.

ДОХАДАГЫ АРАБ ТИЛИНДЕГИ ДЕБАТТАР: ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИНИН ИЙГИЛИГИ

Бөлүшүү

Комментарийлер