ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН КООМДУК БАШТАЛГЫЧТАГЫ КЕҢЕШЧИСИ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 25.11.2020
  • 0

КЕНДИРБАЕВА ДОГДУРКҮЛ ШАРШЕЕВНА, 1965-жылы туулган, жогорку билимдүү, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых жана коомдук сабактар мугалими” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1991-ж.).

Эмгек жолу:

  • 2014 ноябрь – бүгүнгө чейин: «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунда аткаруучу директор;
  • 2012 июль – 2014 сентябрь: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
  • 2007 ноябрь – 2012 июль: Ысык-Көл областтык билим берүү институту. Ысык-Көл областтык билим берүү уюмдарынын директору, координатору;
  • 2004-2007: Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2003-2004: Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары;
  • 2002-2003: Мугалимдерди өркүндөтүүнүн областтык институтунун лабораториясынын башчысы;
  • 2001-2002: Балдарды сактагыла (Улуу Британия) — АБР; АБРдин «Коомдоштуктардын деңгээлинде кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбоорунун билим берүү боюнча областтык консультанты;
  • 1997-2001: Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институту. Областтын мектептерин башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча лаборатория башчысы;
  • 1987-1997: Жети-Өгүз районунун Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинин тарых жана экономика боюнча мугалим;
  • 1982-1985: “Оргочор” асыл тукум мал заводунда жумушчу.

Чет өлкөлөрдөгү стажировкалар жана окуу, ошондой эле сүйлөгөн сөздөр жана баяндамалар:

  • 2019-ж. Армения. Санариптик технологияларды киргизүү боюнча инновациялык билим берүү уюмдарынын тажрыйбасын изилдөө.
  • 2018-ж. Түркия. Мектепке чейинки уюмдардын ишинин тажрыйбасын изилдөө.
  • 2017-ж., июль. АКШ, Нью- Йорк. БУУ. «Диаспора өнүгүүдө» деген баяндама менен сөз сүйлөө.
  • Казакстан. Алмата. ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча субрегионалдык конференциясында баяндама менен сөз сүйлөө.
  • 2016-ж., сентябрь. Үрүмчү, Кытай. Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр арасында Лидер айымдардын биринчи форумунда баяндама менен сөз сүйлөө.
  • 2016-ж., апрель. Индия. Билим берүү системасында МКТны колдонуу тажрыйбасын изилдөө.
  • 2015-ж. Астана. КМШга катышкан өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтыгынын Эл аралык фондунун Форумунда баяндама менен сөз сүйлөө.
  • 2015-ж. Москва. Старт АП балдар үчүн билим фестивалына катышуу.
  • 2015-ж. Москва. Жибек жолунун II Эл аралык Маданий Форумуна катышуу.
  • 2015-ж. Польша. Аялдардын VII Конгрессине катышуу.
  • Ачык билим берүү ресурстары боюнча жана китеп окуу боюнча тажрыйбаны изилдөө.
  • 2015-ж. Кытай, Гуанчжоу. Мектептеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү тажрыйбасын изилдөө.
  • 2014-ж. Тажикстан. Инклюзивдик билим берүү боюнча конференция.
  • 2014-ж. Молдова, Кишинев. Интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча окутуучу тур.
  • 2014-ж. Швейцария. Баланын укуктары боюнча конвенцияны ишке ашыруу боюнча БУУга КРнын отчету.
  • 2014-ж. Россия, Санкт- Петербург. Баалоо боюнча эл аралык семинар.
  • 2013-ж. Грузия, Тбилиси. Интернат мекемелерди оптималдаштыруу боюнча тажрыйбаны изилдөө.
  • 2013-ж. Израиль, Тель-Авив. Баалоо боюнча эл аралык семинар.
  • 2013-ж. Тажикстан. ДМЧ балдардын көйгөйлөрү боюнча.
  • 2012-ж. ноябрь, Индонезия. Мектептердин коопсуздугу боюнча өкмөттүк жолугушуу.
  • 2012-ж. сентябрь, Түркия. Билим берүүнүн жетишкендиктери жагынан БА өлкөлөрүнүн тажрыйбасын изилдөө жана алмашуу.
  • 2011-ж. декабрь, Литва. Мектепке чейинки мекемелердин тажрыйбасын изилдөө.
  • 2010-ж. май. АКШнын Түндүк Каролина штаты. Мектепте билим берүү системасынын тажрыйбасын изилдөө боюнча стажировка. «Билим берүү мекемелеринин жергиликтүү бөлүмдөрүн чыңдоо».
  • 2005-2006-ж. Санкт-Петербург. Эл аралык экономикалык мектеп. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар.

АКШнын Экономикалык билим берүү улуттук кеңеши. (НСЭО).

  • 2005 – 2006-ж. Киев,  Украина. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар.  Эл аралык экономикалык мектеп.

АКШнын Экономикалык билим берүү боюнча улуттук кеңеши. (НСЭО).

  • 2004 – 2005-ж. Экономика боюнча мугалимдер үчүн курстар. Москва Эл аралык экономикалык мектеп.

АКШнын Экономикалык билим берүү боюнча улуттук кеңеши. (НСЭО).

  • 2003-ж. Самара, Россия. Билим берүү уюмдарын киши башына финансылоо боюнча окуу семинары.
  • 2003-ж. ЮСАИД жана АКШнын Билим берүү академиясы аркылуу өткөргөн Алматыдагы экономика боюнча «Жаштардын жетишүүлөрү» эл аралык тренинги.
  • 2001-ж. Польша, Варшава. ОБСЭ. «Адам укуктары боюнча семинар конференция». КРдагы балдардын абалы боюнча баяндама.

Сыйлыктар жана башкалар:

  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы. — 2002-ж.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы. — 1996
  • Каракол шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы. — 2008
  • Россиянын КРдагы Элчилигинин Ардак грамотасы – Ыраазычылык каты.
  • Областтык мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары. — 1996- 2010.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги -1996.
  • «Кыргызстан аялдары айылды өнүктүрүүдө» эл аралык конкурсунун жеңүүчүсү. ПРООН- ЮНИФЕМ-2006-ж.
  • Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн – Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча коомдоштуктун базасында кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча новатордук идеялар конкурсунун жеңүүчүсү. — 2003-ж.
  • «Жылдын мыкты мугалими — 96» областтык, республикалык конкурсунун жеңүүчүсү.
  • «Дилгир» эл аралык сыйлыгынын лауреаты — 2002-ж.

КР Билим берүү жана илим министринин буйругу менен КР билим берүү жана илим министринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси болуп бекитилди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер