ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: «БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЭҢ ИЙГИЛИКТҮҮ ИНСАН БОЛОРУНА ИШЕНЕМ»

  • 29.05.2026
  • 0

Бүгүн, 29-майда Кыргызстандын бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылды.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде өткөн «Акыркы коңгуроо» аземине катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: "БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЭҢ ИЙГИЛИКТҮҮ ИНСАН БОЛОРУНА ИШЕНЕМ"
Өз сөзүндө министр бул күн бүтүрүүчүлөр, ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзгөчө толкундануу менен коштолгон күн экенин белгиледи.
“Мектеп силерге билим берип, чоң турмушка жол ачты. Бүгүн кагылган акыркы коңгуроо жаңы турмуштун башталышы болуп саналат. Он бир жыл бою алган билимиңерди туура пайдаланып, турмуштун кыйынчылыктарына сынбай, туура жолду тандап, эң ийгиликтүү инсандардан болоруңарга ишенем”, — деди министр.
Ошондой эле Д.Кендирбаева мектеп-лицейдин тарыхый ордуна токтолуп, бул билим берүү мекемесинен өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар тарбияланып чыкканын белгиледи.
«Силер жөн гана бүтүрүүчүлөр эмес, кылымдык тарыхы бар мектептин бүтүрүүчүлөрүсүңөр. Бул окуу жайдан өлкөнүн алгачкы интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер билим алышкан. Ошондуктан силерге болгон ишеним чоң. Силер — биздин келечекке болгон үмүтүбүзсүңөр», — деди өз сөзүндө.
Иш-чара окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, куттуктоо сөздөрү айтылды. Салтанат акыркы коңгуроонун кагылышы менен жыйынтыкталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер