ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “АЛТЫН КАЗЫК” – ЗАМАНБАП БИЛИМГЕ БАГЫТТАЛГАН ДОЛБООР”
- 04.11.2024
- 0
Бүгүн Бишкекте “Улуттук өнүктүрүү форуму-2024: адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” форуму өтүп жатат.
Анда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Алтын Казык” программасынын адамдык капиталды өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктарына токтолду.
«Билим берүү – бул келечекке зарыл инвестиция. “Алтын Казык” программасы Кыргызстанда заманбап жана эффективдүү билим берүү системасын түзүүгө багытталган масштабдуу долбоор», — деди.
Министр адамдык потенциал менен иштөө, адам капиталынын сапатын жогорулатуу — бул мамлекеттин, коомдун жана бизнестин биргелешкен аракеттерин талап кылган узак мөөнөттүү процесс деп белгилеп, биргелешип иштөө менен Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишип, билимдүү жана таланттуу жарандардын жаңы муунун даярдайбыз деп кошумчалады.
2024-2025-окуу жылында адамдык капиталды өнүктүрүү максатында мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө 3,4 млрд. сом, окуу китептерине 2 млрд., ысык тамакка 2,8 млрд., мугалиимдерге ноутбук сатып алууга 1,4 млрд., мектептерге компьютер алганга 100 млн., зарыл болгон окуу чыгашаларына 1,35 млрд. сом бөлүнгөн.
Министр 12 жылдык окутуу форматына өтүү — билим берүү стандарттарынын алмашуусу, жалпы билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарына негизделген жаңы окуу китептерин киргизүү, мугалимдерди методикалык колдоонун жаңы форматтары, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн бардык жерде пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн баса белгиледи.
Форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, орун басары Эдил Байсалов, Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Янмин Ян, БУУнун Кыргызстандагы координатору Антье Граве, эл аралык уюмдар, элчилер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Максаты – адамдык капиталды өнүктүрүү жаатында бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин координациялоо үчүн бирдиктүү платформа түзүү. Санариптик доордо билимдин жана көндүмдөрдүн ролуна көңүл буруу менен коомдун алдында турган негизги көйгөйлөрдү аныктоо.
Талкуу “Адам капиталы өнүгүүнүн драйвери катары”, “Адамдык капитал: убакыт боюнча суроо-талаптын сапаты”, “Потенциалды ачуу: адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн көндүмдөр жана билим берүү”, “Глобалдык чакырыктар жана перспективалар”, “Күчтүү адамдык капитал үчүн дени сак улут” аттуу сессияларында улантылат.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер