ДИСТАНТТЫК ОКУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 30.04.2020
  • 0

Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борбору райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видео конференция өткөрдү.

ДИСТАНТТЫК ОКУУНУН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Конференцияда жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын дистанттык окуусунун жүрүшү, окууну сапаттуу жүргүзүүдөгү мугалим менен окуучулардын кайтарым байланыштары жана аралыктан окутуунун ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу талкуу жүрдү.

Андан сырткары окуу жылынын IV чейрегин аяктоонун, көчүрүү жана бүтүрүү экзамендерине даярдык көрүүнүн өзгөчөлүктөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган “Санариптик педагогика” жобосунун негизинде видео сабактардын конкурсун өткөрүү,  “Ардагерлердин эрдиктерин даңктайбыз” фестивалына катышуу боюнча өз ара пикир алмашып, ага катышуунун мөөнөттөрү белгиленди.

Конференцияга жалпы республикалык тестирлөө борборунун өкүлү М.Кадырова катышып, жалпы республикалык тестке каттоо, өткөрүү мөөнөтү жана даярдоо боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле дистанттык формада өткөрүлгөн мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарынын март, апрель айларындагы жыйынтыктары чыгарылды.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер