ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ БАЙЛАНЫШ НОМЕРИ ӨЗГӨРДҮ

  • 09.04.2020
  • 0

Техникалык себептерге байланыштуу, дистанттык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн ачылган 5858 ыкчам байланыш номери 8569га өзгөргөнүн кабарлайбыз.

Мындан сырткары төмөндөгү номерлер да иштеп жатат: 0550-512-075; 0550-801-026; 0550-368-784; 0550-513-385; 0557-442-355

Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилип жатат.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана “МЕГА 24” тиркемесине жайгаштырылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер