ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАКШЫ БАШТАЛДЫ, БИРОК ЖЕТИШПЕСТИКТЕРИБИЗДИ ОҢДОШУБУЗ КЕРЕК

  • 14.04.2020
  • 0
ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАКШЫ БАШТАЛДЫ, БИРОК ЖЕТИШПЕСТИКТЕРИБИЗДИ ОҢДОШУБУЗ КЕРЕК

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана облустук билим берүү институттарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАКШЫ БАШТАЛДЫ, БИРОК ЖЕТИШПЕСТИКТЕРИБИЗДИ ОҢДОШУБУЗ КЕРЕК

Министр Кыргызстанда биринчи жолу башталган дистанттык билим берүүнүн ийгилик жана кемчиликтерине токтолду.

Жалпы алганда аралыктан билим берүү ийгиликтүү башталды. Бирок окуучулар менен кайтарым байланышты уюштурууда мобилдик интернеттин ылдамдыгы начар аймактар, айрым мугалимдердин маалымат-коммуникациялык компетенттүүлүгүнүн аздыгы жана телевизору жок үй-бүлөлөр боюнча көйгөйлөр жаралды.

Исаков учурда мобилдик операторлору менен интернет байланышы начар аймактарда интернет сапатын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн кабарлап, телевизору жок үй-бүлөлөрдүн маселелелери жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечилип жатканын кошумчалады.

Министр ошондой эле берилген үй тапшырмалардын көлөмү чоң, ага ажыратылган убакыт аз болуп жаткандыгы боюнча суроолор бар экенин белгиледи.

Биринчи жолу аралыктан билим берүү уюштурулуп жатканына карабай, мугалимдерибиздин дарамети жакшы.  Аны менен бирге телевизор, телефону жок үй-бүлөлөргө жардам колун сунган жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем”,-деди министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер