ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДОО: ОШ ШААРЫНЫН ГРАФИГИ ӨЗГӨРДҮ

  • 15.08.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиги өзгөргөнүн маалымдайт.

Жаңы график боюнча тестирлөө 23-августта өтөт.

Ош шаары боюнча 17 ваканттык орунга 100дөн ашуун талапкердин катышуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, тестирлөө буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында болуп өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер