КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДИРЕКТОРЛОР КАНТИП ТАНДАЛАТ?

  • 21.09.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери конкурстук негизде дайындалат.

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДИРЕКТОРЛОР КАНТИП ТАНДАЛАТ?

18-сентябрдан тартып, кесиптик лицейлердин директорлору, директорлордун орун басарлары, улук устаттар, методисттер жана окутуучулар үчүн “Педагогикалык чеберчилик” жана “Заманбап жетекчи” квалификация жогорулатуу курстары старт алды. Онлайн жана оффлайн форматтагы кесиптик кайра даярдоо курстары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда жана Бишкектеги №3 кесиптик лицейинде жүргүзүлүүдө.

“Заманбап жетекчи” курсуна – 26, “Педагогикалык чеберчилик” курсуна – 103 угуучу кабыл алынды. Окутууну жогорку кесиптик чеберчиликтеги окутуучулар, профессорлор, доценттер жана илимдин кандидаттары өткөрөт.

50 ЖЫЛ ИШТЕГЕН ДИРЕКТОР БАР

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, буга чейин ЖОЖдордун ректорлорунун гана башкаруу мөөнөтү чектелген. Быйылкы  «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, директорлор беш жыл менен чектелип, эки мөөнөттөн ашпоосу керек.

  • Бул туура чечим. Себеби беш жыл бир цикл деп эсептелинет, бул жылдар аралыгында өзүн көрсөтүүгө кеңири убакыт. Эгерде өзүн татыктуу талапкер катары көрсөтө алса, кийинки конкурстан өтүп, эки мөөнөткө келиши керек. Бул — биздин реалдууу турмушубуздан келип чыккан тажрыйба, демилге. Көп жылдар бою бир эле окуу жайда директор болуп отурган адамдарды билебиз. 20, 25, 30жылдан ашып кеткен учурлар болгон. Лицей, колледждербизде да мындай жагдайлар жок эмес. Маселен, 50жыл директор болгон адам бар быйыл кетти. Бул абсолюттук рекорд. 28жылдан бери директор болуп отурган директор азыркы учурда бар. Бирок буга чейин көп жыл иштеген директорлордун кызматын жокко чыгарбайбыз. Алар дагы өз учурунун каармандары, кесиптик лицейлерди сактап калууга, андан ары өнүктүрүүгө, бүгүнкү акыбалга жетүүсүнө чоң шарт түзүп келишкен, аларга ыраазычылык билдирем.  Ошол эле учурда окуу жайды өнүктүрбөй эле артка тарткан директорлорубуз да жок эмес, — деди билим берүү жана илим министрниин орун басары.

 

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ДИРЕКТОРЛОР КАНТИП ТАНДАЛАТ?

КОНКУРС КАНДАЙ ӨТӨТ?

Конкурс үч этаптан турат. Биринчи этапта, конкурстук комиссия документтерди кабыл алып, квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлерди экинчи этапка өткөрөт. Кийинки этапта тест өткөрүлүп, анын жыйынтыгы үч саттан ашпаган убакытта чыгарылат. Үчүнчү этапта,  конкурстук комиссия талапкерлер менен маектешүү өткөрөт. Ал процесс толугу менен видеокамерага тартылып алынат да, жетекчи өзүнүн ыйгарым укугуна киргенден баштап бир жыл бою сакталат. Башкача айтканда, кимдир-бирөөдө ишенбөөчүлүк жаралса видеотасманы көрүүгө болот.

КОНКУРСТУК КОМИССИЯДА БАР?

Комиссия мүчөлүгүндө жетиден аз эмес, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринен сырткары, көз карандысыз эксперттер, билим берүү чөйрөсүндөгү адистер, коомдук активдүү жарандар, тактап айтканда, ар түрдүү чөйрөнүн адамдары тартылат.

Расул Абазбек уулунун айтымында, өнүктүрүү стратегиясы бар адамдар конкурстун негизинде беш жылга шайланат.

  • Конкурска талапкерлигин койгон талапкер эки жылда, үч жылда, беш жылда окуу жайды кантип өнүктүрөм деген стратегиясы менен келиши керек. Комиссиянын суроолоруна жооп берип, ынандырышы керек. Стратегиялык көрүү элестетүүсү болмоюнча кантип жетектейт? Эң негизги стратегиялык талап ушул болот” – дейт Расул Абазбек уулу.

КАНЧА ЛИЦЕЙ ЖАНА КОЛЛЕДЖИН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШАТ?

Учурда 101 кесиптик лицей бар.  Учурда 53 кесиптик лицейдин директоруна тандоо жүрүүдө. Анын ичинен алты окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучусу гана болгон.  46 окуу жайдагы беш жылдан ашык убакыт иштеген директорлор конкурс менен кайрадан бекитилип келет. Андан сырткары, алты орто кесиптик билим берүү мекемесинде, тагыраагы К.Көлбаев атындагы Бишкек автожол колледжинде, Бишкек архитектура жана курулуш менеджмент колледжинде, Кыргыз улуттук агрардык университетинин С.Турсунов атындагы Бишкек агро-экономикалык колледжинде, КУАУнун Токмоктогу колледжинде, Ысык-Көл индустриалдык педагогикалык колледжинде, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжиндеги бош кызмат орундарына сынак өткөрүлөт.

Бул конкурс Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Маданият маалымат жана туризм министрлигини алдындагы окуу жайларына да тиешелүү.

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ” 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер