ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ: КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

  • 29.03.2018
  • 0

Республикадагы диний билим берүү мекемелери Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын алып, аккредитациядан өтүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын өкүлдөрү 27-мартта Булан институту тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасындагы диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери” аттуу конференцияда айтып чыгышты. Ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлиги талапка жооп берген окуу жайларга лицензиялык талаптар тиешелүү тартипте сакталган учурларда лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.

ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ: КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

Учурда республикада жалпы 114 диний билим берген мекеме бар. Анын 11 Ислам институттары, бири Ислам университети болсо калганы медреселер. Бирок Кыргызстан Ислам университетинен башка бир дагы окуу жай Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия ала элек. Бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документ эмес, өздөрүндө гана таанылган сертификат, күбөлүктөрдү беришет.

— Медреселерди бүткөн балдардын колунда мамлекеттик үлгүдөгү документи жок болгондуктан андан ары окуусун уланта албай, кесиптик билим ала албай калышууда. Ал эми кесиптик билими жок болсо, ишке дагы орношо албайт. Ошондуктан бул маселе токтоосуз чечилиши керек. Ал үчүн окуу жайлар лицензиянын бардык талаптарына жооп бергидей болуп, окуу программасын мамлекеттик стандарттарга ылайыктап, светтик предметтерди киргизиши абзел, — дейт Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова.

Диний мекемелерди берген билимине карата квалификациялоо керек

ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ: КҮҢГӨЙҮ ЖАНА ТЕСКЕЙИ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков талапка жооп берген окуу жайларга лицензия берүүгө министрлик даяр экендигин билдирип, бирок ириде мекемелерди берген билимине карата квалификациялоо керектигин баса белгиледи.

— Азыр бизге окутуунун сапаты, кимди окутуп жатабыз жана алар кандай натыйжага жетиши керек деген маселелерди чечип алуу зарыл. Колледждин базасындагы дин таануу адистиги менен бакалавр боюнча дин таануу адистигинин байланышы, кимиси кайсыл натыйжаларды камсыздайт, медресени бүткөн балдарды колледжге, андан бакалаврга, анан магистратурага кантип өткөрөбүз деген сыяктуу актуалдуу маселелердин үстүндө ойлонушубуз керек. Медресени бүткөн окуучулар кандай натыйжаларга ээ болушу керек деген суроого так жооп алуу зарыл. Анткени азыр ушул багытта жаңы мыйзам долбоору киргизилип жатат. Андыктан бир жактуу билим берүүдөн баш тартуу керек, — дейт Кудайберди Гапаралиевич.

Талапка жооп бергендерге гана лицензия берилет

Негизи талап боюнча кандай багыттагы окуу жай болбосун жалпы орто билим берүүдө предметтердин саны 28 предмет болсо, диний билим берүү уюмдары ал предметтердин биз алтоосун окуу планга киргизгенбиз, ошол туура болот деп жатышат.  Бирок  лицензиялык талаптар боюнча медреселер ал талаптарды так аткарышы зарыл. Ушул талаптар аткарылбай жаткандыктан ушул күнгө чейин медреселер лицензия ала албай келишет.

— Министрлик менен диний жалпы орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын ортосунда окуу планы боюнча пикир келишпестиктер бар экендигин моюнга алышыбыз керек, жалпы орто билим берүүчүдиний уюмдар лицензиялык талаптарга ылайык окуу планын министрликтин Мектепке чейинки, мектептер жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы менен макулдашышы зарыл. Алар окуу планына болгону алты салттуу предметти киргизип алышып, ушул бизге жетет, калганын диний сабактарды өтүшүбүз керек дешет. Бул туура эмес. Кыргызстанда билим берүү саясаты бардык билим берүү мекемелери үчүн багытына карабай бирдей жүргүзүлөт. Мамлекет ушундай талап коюп жаткандан кийин диний билим берүү уюмдары дагы аны түздөн түз аткарууга тийиш. Окуу планын түзүүдө бардык жалпы орто билим берүү уюмдары жыл сайын Өкмөттүн токтому менен бекитилген Базистик окуу планына негиздеп түзүшөт. Андыктан жалпы орто диний билим берүү уюмдары дагы Базистик окуу планынын негизинде билим берүү ишмердигин жүргүзүүүгө аракет жасашы абзел. Эгерде лицензиялык талаптарга ылайык документтери менен келгендери болсо, министрликтин лицензия бербей койгонго укугу жок, — дейт Лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгын башчысы Нурбек Казыев.

Сааттар Өкмөт тарабынан бекитилген Базистик окуу планынын негизинде мекеменин багытына жараша бөлүнөт. Сөзсүз түрдө окутула турган предметтер дагы эске алынууга тийиш. Андан сырткары окуу жайдын материалдык-техникалык, окуу-усулдук базасы, кадрлар менен камсыз болушу дагы зарыл шарттардын бири болуп эсептелет. Лицензия алынгандан кийин билим берүү уюму билим сапатынаөзгөчө көнүл бурушу шарт. Анткени билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө  билим берүү уюмунун негизги көнүлүндө боло турган максаты сапаттуу билим жана тарбия берүү. Окуучулар бүтүрүүчү класстарга келгенден баштап билим берүү уюму аккредитацияга даярдана баштайт жана аккредитациянын талаптарына ылайык аккредитациядан өтөт. Аккредитациянын талаптарына жооп берген окуу жайга министрликтин коллегиясы беш жылга мамлекеттик үлгүдөгү документ берүүгө акысы бар деген чечим чыгарып берет. Ошондо гана алар мамлекеттик үлгүдөгү күбөлүк, аттестат берүү укугуна ээ болушат.

Диний мекемелер Өкмөт тарабынан бекитилген Базистик окуу планынын негизинде билим бербестен өздөрү түзүп алган программа боюнча окутушат. Биринчи жолу 2003-жылы Мусулмандардын 2-курултайында медреселер үчүн бирдиктүү 160 сааттан турган программа кабыл алынган. Ислам университети баш болгон бардык окуу жайлар ушул программа менен билим берип келишкен. 2013-жылы Диний билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы жана бирдиктүү жаңы окуу программасы кабыл алынып, учурда бардык билим берүү мекемелери ушул программа менен иштеп келе жатышат. Анда болгону алты кыргыз тили, адабияты, орус тили, чет тили, география, информатика, дене тарбия болуп алты салттуу предмет киргизилген.

— 2014-жылы Коргоо кеңешинде дин маселеси каралып, мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы ушул концепцияны ишке ашырууда диний билим берүү тармагын өнүктүрүү, оптималдаштыруу, тийиштүү шарттарды түзүү боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасай алды. Окуу программаларын бирдиктүү калыпка алып келүү маселеси боюнча атайын диний билим берүү концепциясын жандандырып, аны ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Аалымдар кеңешинин 2010-жылдагы токтому менен диний билим берүүнүн өнүктүрүүнүн концепциясы дагы кабыл алынган. Ошол жерде медреселерди атайын баскычтарга бөлүп чыкканбыз. Айыл жериндеги медреселерди башталгыч медреселер, андан кийин эки-үч жыл окуй турган орто медреселер, жогорку медреселер бар, — дейт Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Эратов Равшан ажы.

Лицензия берүүнү колдобогондор дагы бар

Эксперт Нурлан Исмаилов болсо диний окуу жайларга лицензия берүү маселесин абдан кылдат карап чыгып, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек деп эсептейт. Анткени көп мамлекеттерде аларды лицензиялоо акырындык менен диний чөйрөнүн саясатташуусуна алып келген.

— Биз бул маселе менен ойнобошубуз керек. Анткени башка мамлекеттерде диний окуу жайларды лицензиялоо жакшы жакка алып келген эмес. Египеттин, Түркиянын мисалдарын карап көрсөк болот. Бир канча мамлекеттер бул мектептен өтүп бүтүштү. Ошондуктан шашылбайлык, дагы терең ойлонолук, — дейт Нурлан Исмаилов.

Нурлан Асановичтин айтымында, Кыргызстанда биринчиден, диний окуу жайлары эмне үчүн керек, кандай функцияны аткарат жана аткарышы керек, республикага канча окуу жай жетиштүү болот деген суроолорго так жооп алуу зарыл.

— 5-10 жыл мурда медреселердин саны элүүдөн ашып кетет деп жатсак, азыр жүздөн ашып кетти. Эртең канча болот, ушул тейинче калабы же дагы көбөйтөбүзбү. Бирок маселенин экинчи тарабы — ушунчалык диний окуу жайды ачып жатканыбыздын максаты эмнеде экендиги ачык бойдон калууда. Жүздөн ашык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү каякка кетип жатат? Азыр айылдардагы мечиттерде диний сабаты жоктор молдо болуп жатышат. Мисалы, менин айылымдагы үч мечиттин биринде темир уста, экинчисинде тракторчу, үчүнчүсүндө пенсионер молдонун милдетин аткарат. Муфтиятта кадр маселеси канчалык чечилип жатат, маселе ошондо болуп жатат. Ошондуктан медресени, институтту бүтүп жаткан бала айылга барып молдо боло албаса, элге билим бере албаса, элдин диний сабатын толук, так ачып бере албаса, анчалык бүтүрүүчүнүн бизге эмне кереги бар деген суроо туулуп жатат. Кыргызстанда экстремизмге, терроризмге каршы күрөшө турган мамлекеттин бирден бир өнөктөшү, таянар тоосу – диний ишмерлер. Алар билимдүү, илимдүү болсо, динди жакшы билсе мамлекеттик деңгээлдеги көп маселелери түздөн-түз чечип койсо болот, — дейт эксперт.

Диний аалымдар болсо учурда дүйнөдө экстремизм менен терроризм күчөп турган кезде диний билими, түшүнүгү жогору адистер зарыл деп эсептешет. Себеби дин жактан түшүнүгү жоктор ар кандай экстремисттик топторго кирип, Сирияга чейин кетип калышууда.

— Туура, биз светтик билимди дагы беришибиз керек. Бирок дасыккан адисти чыгара албасак коомдо өсүп келе жаткан ар түрдүү агымдарга туруштук бере албай калабыз. Коом радикалдашып кетпеши үчүн адамдар диний маалыматка тереңден сугарылып турушу керек. Андыктан Муфтият Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы менен биргеликте талапка жооп бербеген жети медресенин ишин токтотуп, 23 медресеге эскертүү берди. Себеби Коргоо кеңешиндеги талаптардын бири – ар тараптан заман талабына жооп берген окуу жайларды калыптандыруу болуп эсептелет. Ошол реформалардын натыйжасында бир топ алгылыктуу иш жасалып жатат. Бирок бул дагы аздык кылууда. Биз тийиштүү жыйынтыкка жетишибиз үчүн жарандык коом, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иш алып барышыбыз керек. Себеби бүгүнкү күндө радикализм, экстремизм, болгондо дагы зордукчул, күч колдонуучу экстремизм күчөп бара жатат. Бул дүйнө жүзүндө орчундуу маселе. Биз ушундай чакырыктарга, коркунучтарга бөгөт коюу үчүн дин жаатында жетиштүү билими бар адистерди даярдашыбыз керек, — дейт КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Заирбек Эргешов.

Дин таануу жана диний билим берүүнү реформалоо максатында 2015-жылы И.Арабаев атындагы КМУда Теологиялык колледж ачылган. Үч жылдан бери колледж дин менен светтик предметтерди айкалыштырып билим берип жатат. 2016-жылдын 1-сентябрынан бери республика боюнча он мектепте дин таануу маданияты сабагы пилоттук негизде киргизилип, учурда апробациядан өтүүдө. Быйыл дагы 56 мектепке киргизилди. Кийинки окуу жылдарында республиканын бардык мектептерине жайылтылат.

Медреселерде кошумча кесиптик билим берилет

2015-жылдан бери медреселерде кошумча кесиптик билим берилип келет. Бул долбоордун алкагында алгач Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы беш медреседе пилоттук негизде ашпозчулук, ширетме, тикмечилик, электрик багыттары боюнча жалпы 268 окуучу кошумча кесиптик билим алышкан. Бул долбоор учурда кулачын жайып Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда уланууда. Кийинчерээк Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустары дагы кошулуп, багыттары көбөйөт.

— Кийинкилерге бухгалтердик эсеп, информатика, багбанчылык, күнөсканачылыкты кошобуз деп жатабыз. Учурда Оштогу Хадича медресесинин кыздары компьютерди үйрөнүп жатышат. Багбанчылык боюнча дагы кызыгуулар көп болуп жатат. Элеттиктердин муктаждыктарына жараша адистиктерди киргизебиз, — дейт Равшан ажы.

Долбоорго катышкан алгачкы беш медреседе калыптанган база сакталып, учурда окуу келишимдик негизде билим берүү улантылып жатат.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер