ДИЛЬБАР АЛТЫБАЕВАНЫН 70 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ ӨТТҮ

  • 27.11.2017
  • 0

24-ноябрда ОшМУда химия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Алтыбаева Дильбаранын 70 жылдык юбилейине арналган “Химия жана химиялык технологиялардын заманбап проблемалары. Табият таануу жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков маараке ээсин куттуктап, Дильбар Тойчуевнанын өмүр жолу, жасаган эмгектери, илимдеги изденүүлөрү, табылгалары, адамдык асыл сапаттары боюнча баяндама жасап жатып: “Сиз ОшМУнун өсүп-өнүгүүсүнө илимпоз-педагог, жетекчи катары бараандуу салым коштуңуз. Бүгүн да жемиштүү иштеп келе жатасыз. ОшМУ менен тагдырлаш, сапарлаш болдуңуз. Сизди устаттарыңыз үлгүлүү шакиртибиз деп билишет. Ал эми теңтуштарыңыз, курбуларыңыз мыкты дос катары урматташат. Ал эми миңдеген шакиртттериңиз сүйүктүү устат катары кадырлашат, сиз менен сыймыктанышат. Биз, университет жетекчилери, сиз менен мактанабыз, сыймыктанабыз, урматтайбыз”, — деп, университеттин жамаатынын атынан ОшМУнун Ардак грамотасын, куттуктоо баракчасын, акчалай сыйлыгын тапшырды.

Конференциянын жүрүшүндө КРдин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык мэриясынан, Билим берүү жана илим министрлигинен, КРдин УИАнан, Андижан мамлекеттик университетинен, республикабыздын бардык ЖОЖдорунан келген өкүлдөр, жакын санаалаштары, устат, шакирттери  Дильбар Тойчуевнанын өрнөктүү өмүрү жөнүндө ойлорду айтышып, куттуктоолорун жолдошту. Ошондой эле пленардык жыйындын жүрүшүндө илимий докладдар жасалды.

Конференцияга катышып жаткан АКШнын Джортаун университетинин профессору Джон Кларк маараке ээсин куттуктап, 1196-1997-жылдары Дильбар Тойчуевна факультетти жетектеп турганда конок лектор катары келип, “экологиялык география” боюнча лекция окугандыгын эскерип, канча жылдар өтсө да илимий изилдөөлөр багытында кызматташып келе жаткандыгын жана маараке ээси мыкты лидер, изденген илимпоз экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер