ДЕПУТАТТАР МЕКТЕПТЕРДЕГИ ОКУТУУНУ БЕШ КҮНДҮККӨ ӨТКӨРҮҮ ДЕМИЛГЕСИН ЖАКТЫРЫШТЫ

  • 11.01.2018
  • 0

Жогорку Кеӊеште 10-январда билим берүү жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунда өлкөнүн жалпы билим берүүчү мекемелерине аптасына беш күндүк окуу күнүн киргизүү максатында иштелип чыкканы, ал мектептерде билим берүүнүн сапатын арттыра турганы белгиленет. Ошондой эле, бул бардык менчик формасындагы мектептерге тиешелүү.

Андан сырткары, алты күндүк окуу окуучуларга ашыкча жүк болуп келгени, алар ар кандай секциялар менен ийримдерге жана өздөрү кызыккан пайдалуу нерселерге катыша албасы, мугалимдердин да сабакка даярдануусуна убакыт тартыш экени, чет тилдерин үйрөнүүгө кошумча сааттар киргизилгени, беш күндүк окууда мугалимдердин маянасы кыскарбай турганы белгилүү болду. Мындай демилгени өкмөт өкүлдөрү да колдоп, окуу программасын беш күндүк окууга ылайык келтирүү чаралары көрүлө турганын билдиришти.

Добуш берүү учурунда каттоого турган 105 депутат «макулмун» деп добуш берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер