ДЕПУТАТТАР МЕКТЕП, БАЛА БАКЧА МАСЕЛЕЛЕРИН КӨТӨРҮШТҮ

  • 24.01.2019
  • 0

Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында бүтпөгөн мектеп, бала бакча курулуштары боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдиргендей, депутат Рыскелди Момбеков Ак-Суу айыл өкмөтүндө маданият үйү жок экенин, 70-95% курулушу бүткөн мектептер бүтпөй жатканын, Кепер-Арык айылына жаӊы мектеп зарылдыгын тизмектеди.

Ал эми депутат Тынчтык Конушбаев Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы 700 орунга ылайыкташкан мектепте бүгүнкү күндө 2100 окуучу үч нөөмөт менен окуп жатканын, жаӊы мектептин курулушу өтө жай болуп жатканын Өкмөттүн астына койду.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылындагы бала бакчанын курулушу 84%га бүткөрүлгөн. Депутат Жаныбек Исаев жалпысы 3,7 млн. сом керек болгон бала бакчанын курулушун республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси менен курула турган объектилердин тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер