ДЕПУТАТТАР ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДАН КАБАР АЛДЫ

  • 22.11.2022
  • 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Чоң-Алай районунун Талды-Суу айылына барып, Ооганстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын абалы менен таанышып кайтты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

ДЕПУТАТТАР ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДАН КАБАР АЛДЫ

Депутаттар менен жолуккан Чоң-Алай районунун акиминин орун басары ар бир үйгө жылына акысыз көмүр берилип келгенин, бул жылы да үч тоннадан көмүр таратыларын билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова берген маалыматка ылайык, учурда памирлик кыргыздардан 17 түтүн бар, анын ичинен 35 бала жөлөкпул, эки киши карылыгы боюнча пенсия алат. Мектеп жашындагы жана андан улуу курактагылар билим алууга толук тартылган.

Министрлер кабинетинин памирлик кыргыздарды турак-жай менен камсыздоо программасына ылайык, жалпы 95 турак-үй куруу пландалган.

— Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, башкы планы даяр. Курулушту баштоо үчүн быйыл министрликтен 10 миллион сом которулуп берилген, — деди Жылдыз Полотова.

ДЕПУТАТТАР ЧОҢ-АЛАЙДАГЫ ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДАН КАБАР АЛДЫ

Депутаттар андан ары №41 С.Умарходжаева атындагы орто мектепке барып, мында билим алып жаткан 34 памирлик кыргыздар менен баарлашты.

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер