ДЕПУТАТТАР “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ” БИРИКТИРИЛГЕН ДОЛБООРДУ КОЛДОДУ

  • 21.06.2023
  • 0

ЖК депутаттары «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдын бириктирилген долбоорун колдоого алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.

ДЕПУТАТТАР “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨГҮ” БИРИКТИРИЛГЕН ДОЛБООРДУ КОЛДОДУ

Жыйында долбоордун демилгечилеринин бири депутат Жанарбек Акаев баяндама жасап, концептуалдык жактан окшош мыйзам долбоорлорун депутаттар да, Министрлер кабинети да бир учурда демилгелегендиктен, бириктирилгендигин айтты.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бириктирилген мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоого алышты.

Эскерте кетсек, биринчи мыйзам долбоору депутаттар Ж.Акаев, Н.Шакиев, Э.Нурбаев, К.Талиева, М.Самыйкожо ж.б. тарабынан, ал эми экинчи долбоор Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген эле.

Бөлүшүү

Комментарийлер