ДЕПУТАТТАР АШЫМБАЕВА МЕНЕН МАВЛЯНОВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ КӨЙГӨЙЛӨРҮН КӨТӨРҮШТҮ

  • 18.06.2026
  • 0

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештинин жыйынында эл өкүлдөрү Токтобүбү Ашымбаева менен Махабат Мавлянова билим берүү жана маданият тармагындагы бир катар орчундуу маселелерге токтолушту.

Жыйында сөз алган Токтобүбү Ашымбаева кесиптик билим берүү системасындагы чачыранды башкарууну сынга алды.ДЕПУТАТТАР АШЫМБАЕВА МЕНЕН МАВЛЯНОВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ КӨЙГӨЙЛӨРҮН КӨТӨРҮШТҮ

«Азыркы учурда кесиптик билим берүү системасы Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагына бөлүштүрүлгөн. Бул жагдай мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча бирдиктүү борбордун түзүлүшүнө өбөлгө түзбөйт. Тагыраагы, башкаруунун учурдагы тартиби кадрларды даярдоо механизмин андан ары бөлүнүп-жарылышына шарт түзүп, Улуттук квалификациялар тутумун киргизүүнү татаалдатат жана билим берүүнүн үзгүлтүксүздүк принцибин толук түрдө ишке ашырууну, билим берүү программаларынын жана квалификациялык талаптардын мурастык мүнөзүн, ошондой эле кесиптик даярдоонун деңгээлдеринин ортосундагы билим берүү траекторияларынын шайкештигин камсыз кылбайт», – деп билдирди депутат.

Мындан улам, ал эмгек рыногунун заманбап талаптарына жооп бере турган натыйжалуу башкарууну түзүү керектигин айтты. Ал үчүн кесиптик билим берүү тармагын бир колго топтоо зарыл.

«Аталган сунуш республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана кесиптик билим берүү тармагында мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин карамагына өткөрүү маселесинин максатка ылайыктуулугун Министрлер Кабинети тарабынан кайрадан карап чыгууну сунуштайм», — деп кошумчалады Ашымбаева.

ДЕПУТАТТАР АШЫМБАЕВА МЕНЕН МАВЛЯНОВА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТ КӨЙГӨЙЛӨРҮН КӨТӨРҮШТҮАл эми депутат Махабат Мавлянова аймактардагы тарыхый-маданий мурастарды сактоо маселесин ортого салды. Эл өкүлү Төлөс айылында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Уркуя Салиевага арналып салына турган музейдин абалына токтолду. Анын айтымында, учурда долбоордун алгачкы баскычы башталып, капсула салууга даярдык көрүлүүдө.

Депутат Уркуя Салиеванын кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү баа жеткис ордун эске салып, бул музейдин тарыхый мааниси чоң экенин белгиледи. Ошону менен бирге, Махабат Мавлянова музейдин аянты баштапкы долбоордогу 1040 чарчы метрден 300 чарчы метрге чейин кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал өкмөттү музейдин мурунку пландалган көлөмүн сактап калууга чакырды.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер