ДЕПУТАТ Т.АШЫМБАЕВА МРАМОР МЕКТЕБИНЕ 10 КОМПЬЮТЕР ТАПШЫРДЫ

  • 15.09.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мрамор айылындагы жаңы ачылган мектепке 10 даана компьютер белек кылды. Бул демилге аймактагы билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу жана окуучулардын заманбап билим алуусуна шарт түзүү максатында ишке ашырылды. ДЕПУТАТ Т.АШЫМБАЕВА МРАМОР МЕКТЕБИНЕ 10 КОМПЬЮТЕР ТАПШЫРДЫ

Иш-чаранын алкагында эл өкүлү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жамааты, ата-энелер жана айыл тургундары менен атайын жолугушуу өткөрдү. Жыйында мектептин материалдык-техникалык базасын мындан ары да чыңдоо, окуучулар үчүн заманбап билим алуу шарттарын түзүү жана жалпы эле билим берүү процессине санариптик технологияларды кеңири киргизүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. ДЕПУТАТ Т.АШЫМБАЕВА МРАМОР МЕКТЕБИНЕ 10 КОМПЬЮТЕР ТАПШЫРДЫ

Өз сөзүндө депутат Токтобүбү Ашымбаева билим берүү тармагындагы мындай багыттагы иштерди колдоого алуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Ошондой эле, ал берилип жаткан жаңы компьютерлер окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жана заманбап маалымат технологияларын терең өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүнө бекем ишенерин билдирди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү