ДЕПУТАТ ЧОЛПОН ЭСЕНАМАНОВА КАРА-БАЛТАДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИ КЫДЫРДЫ

  • 03.08.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Эсенаманова Чүй облусунун Кара-Балта шаарына иш сапары менен барып, социалдык тармактагы бир катар мекемелердин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тагыраагы, эл өкүлү Жайыл райондук бириккен аймактык ооруканасынын, №2 жана №3 мектептердин, ошондой эле «Балакай» балдар бакчасынын оңдоп-түзөө жумуштарын көрүп чыкты. Аталган мекемелерде жылытуу, өрткө каршы коргоо тутумдарын алмаштыруу жана ички-тышкы жаңылоо иштери пландалган.  ДЕПУТАТ ЧОЛПОН ЭСЕНАМАНОВА КАРА-БАЛТАДАГЫ СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИ КЫДЫРДЫ Жумуштар толугу менен Чүй облусунун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү максатында Президенттин фондунан бөлүнгөн 10 миллиард сомдун эсебинен каржыланууда. Депутат Чолпон Эсенаманова буга чейинки аткарылган иштерге жогору баасын берип, сапатка маани берүү жана өз убагында бүткөрүү зарылдыгын белгиледи.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер