ДЕПУТАТ А.АЛТЫБАЕВА ОГПИДЕ

  • 03.02.2020
  • 0

Ош шаарына иш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Жогорку  кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жетекчилиги менен жолугушуп, окуу жай менен таанышып чыкты.

ДЕПУТАТ А.АЛТЫБАЕВА ОГПИДЕ

Жолугушууда ректор акыркы учурда институтта жүрүп жаткан кызуу иштер боюнча маалымат берүү менен, жаңы ачылыштар, жаңы жылдагы ишке ашкан өздүк жылуулук берүүчү  борбордун курулушу, усулдук борборлордун ачылышы менен жакындан  тааныштырды.

Жалпы иштин жыйынтыгын көргөн депутат окуу жайдагы өнүгүү өз жолунда баратканын жана көзгө көрүнө турган алгылыктуу иштер ишке ашканына баа берип, эл өкүлү катары агартуучуларга ар дайым колдоо көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер