ДЕНИ САК ЖАШТАР — ДЕНИ САК МАМЛЕКЕТ
- 22.03.2023
- 0
2023-жылдын 19-мартында Аксы районунда күрөш боюнча Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин биринчилиги болуп өттү.
Ага тогуз командадан 200дөн ашуун жаш спортчулар катышты. Бул мелдеште Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин окуучулары да катышып, мыкты ийгиликтерди жаратышты. Тактап айтканда, 7-класстын окуучусу Сатымкулов Абылай, 10-класстын окуучусу Аманов Искендер 1- орунду, 10-класстын окуучусу Казыбеков Байтур 2- орунду, 8-класстын окуучулары Касымбеков Сыргак, Мамасаитов Байбол, 6-класстын окуучусу Турсуналиев Идирис 3-орунду ээлеп келишти. Бул окуучуларды Эрбаев Нурманбет агай машыктырып, алар менен биргеликте көптөгөн жеңиштери багындырып келүүдө. Жаш муундарга келечекте дүйнө чемпиону болууну каалайбыз!
Узен АТАКАНОВ, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер