ДЕН СООЛУККА КАМ КӨРҮҮ – КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ: “САПАТТА” СПАРТАКИАДА ӨТТҮ
- 13.10.2026
- 0
Спорт – ден соолуктун булагы, бекем эрктин, ынтымактын жана ийгиликке умтулуунун жаркын өрнөгү.
Спорт адамды жеңишке гана эмес, кыйынчылыктарды жеңүүгө, өзүнө ишенүүгө, атаандашын сыйлоого жана бирдиктүү максат үчүн аракеттенүүгө үйрөтөт. Дал ушул баалуулуктарды даңазалаган маанилүү спорттук иш-чаралардын бири – «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары, мугалимдери жана кызматкерлери арасында уюштурулган Финалдык Спартакиада болду.

2026-2027-окуу жылында «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» №1 Жарлыгын жетекчиликке алуу менен Финалдык Спартакиада уюштурулду. Маалымат катары айта кетсек, 2025-2026-окуу жылынын апрель айында тандоо турнири өткөрүлгөн. Тандоо турнири «Сапат» ЭБМнин Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарындагы лицей филиалдарынын ортосунда уюштурулган. Аймактардан биринчи орунду алган катышуучулар финалдык спартакиадага жолдомо алышкан.
Бул иш-чаранын негизги максаты – жаш муундун ден соолугун чыңдоо, окуучуларды сергек жашоого үндөө, мугалимдердин жана кызматкерлердин спортко болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле лицейлердин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөө.
Бүгүнкү күндө билим берүү окуучуга терең билим берүү менен гана чектелбейт. Заманбап мектептин негизги милдеттеринин бири – интеллектуалдык жактан өнүккөн, ден соолугу чың, руханий дүйнөсү бай, жоопкерчиликтүү жана коомдо өз ордун таба алган инсанды тарбиялоо.
Ушул өңүттөн алганда, спорттук мелдештердин мааниси өзгөчө. Анткени спорт аянтчасында окуучу сабырдуулукту, тартипти, чечкиндүүлүктү жана командасына ишенүүнү үйрөнөт. Жеңиштин кубанычын сезүү менен катар жеңилүүнү татыктуу кабыл алуунун да маанисин түшүнөт.
Финалдык Спартакиада дал ушундай тарбиялык баалуулуктарды алдыга сүрөгөн, окуучулар менен мугалимдерди бириктирген маанилүү аянтча болду. 
Бир максат, бир команда, бир жеңиш!
Спартакиаданын программасына спорттун төрт түрү – волейбол, футбол, стол тенниси жана шахмат киргизилди.
Мелдештер окуучулар жана мугалимдер үчүн өзүнчө категорияларда уюштурулуп, жалпы тогуз мелдеш категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Окуучулар арасында волейбол боюнча балдар жана кыздар командалары, футбол боюнча командалар, стол тенниси боюнча балдар жана кыздар күч сынашты. Ал эми мугалимдер жана кызматкерлер арасында волейбол боюнча агайлар менен эжекелердин командалары, шахмат боюнча эркектер жана аялдар өз ара таймашты. Ар бир спорттун түрү катышуучулардан өзгөчө даярдыкты жана чеберчиликти талап кылды.
Волейбол оюндарында командалык ынтымак, ыкчам аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү маанилүү болсо, футболдо бирдиктүү тактика, чыдамкайлык жана чечкиндүүлүк алдыңкы орунга чыкты. Стол теннисинде шамдагайлык, тактык жана тез чечим кабыл алуу жөндөмү сыналды. Ал эми шахмат мелдештери логикалык ой жүгүртүүнүн, сабырдуулуктун жана стратегиялык пландоонун маанисин дагы бир жолу айгинеледи.
Спорттук атаандаштыкта ар бир катышуучу өзүнүн жеке чеберчилигин гана эмес, лицейинин намысын да коргоду.
Окуучулардын жеңиши – келечекке болгон ишеним
Финалдык Спартакиаданын окуучулар арасындагы мелдештери ар бир спорт түрү боюнча мыктыларды аныктады.
Волейбол боюнча балдар арасында «Курманбек баатыр лицейи» филиалынын командасы I орунду ээлеп, жеңүүчү аталды. II орунду «Маариф» билим берүү комплексинин командасы ээледи.
Кыздар арасындагы волейбол мелдешинде «Курманжан Датка атындагы лицейи» филиалынын командасы I орунду багындырды. ЮВИС мектебинин командасы II орунга татыды.
Футбол боюнча «Жайыл баатыр атындагы лицейи» филиалынын командасы жеңишке жетишип, I орунду камсыз кылды. «Алымбек датка атындагы» лицейдин командасы II орунду ээледи.
Стол тенниси боюнча балдар арасында «Исхак Разаков атындагы лицейи» филиалынын окуучу балдары I орунду жеңип алды. «Жусуп Баласагын атындагы лицейи» филиалынын окуучу балдары II орунга татыды. 
Кыздар арасындагы стол тенниси боюнча «Зуура Нурматова атындагы лицейи» филиалынын окуучу кыздары I орунду ээледи. «Мээрим лицейи» филиалынын окуучу кыздары II орунду камсыз кылды.
Бул жыйынтыктар спортко кызыккан окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүүгө, алардын аракетин баалоого жана мындан аркы ийгиликтерине дем берүүгө багытталган иштин маанисин көрсөттү.
Ар бир жеңиштин артында тынымсыз машыгуу, максатка умтулуу, мугалимдердин жана машыктыруучулардын колдоосу турат. Андыктан мындай мелдештерде жеңишке жеткендер менен катар катышып, өз мүмкүнчүлүгүн сынаган ар бир окуучунун аракети баалуу.
Мугалим – билимде да, спортто да үлгү
Финалдык Спартакиаданын өзгөчө маанилүү багыттарынын бири мугалимдер жана кызматкерлер арасындагы спорттук мелдештер болду.
Күн сайын окуучуларга билим берип, аларды тарбиялап келген педагогдор бул жолу спорт аянтчасында өздөрүнүн шамдагайлыгын, чыдамкайлыгын, интеллектуалдык даярдыгын жана командалык биримдигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 
Агайлар арасындагы волейбол мелдешинде «Алымбек датка атындагы» лицейдин командасы I орунду ээледи. «Маариф» билим берүү комплексинин командасы II орунду ээледи.
Эжекелер арасындагы волейбол боюнча «Маариф» билим берүү комплексинин командасы жеңүүчү аталып, I орунду камсыз кылды. «Курманжан Датка атындагы лицейи» филиалынын командасы II орунду ээледи.
Агайлар арасындагы шахмат мелдешинде «Маариф» билим берүү комплексинин өкүлү I орунга татыды. «Зуура Нурматова атындагы лицейи» филиалынын өкүлү II орунду ээледи.
Эжекелер арасындагы шахмат боюнча «Манас Ата лицейи» филиалынын өкүлү I орунду жеңип алды. «Курманжан Датка атындагы лицейи» филиалынын өкүлү II орунду камсыз кылды. 
Мугалимдердин спортко активдүү катышуусу окуучулар үчүн өзгөчө тарбиялык мааниге ээ. Себеби сергек жашоо образын сөз менен түшүндүрүү башка, ал эми үлгү аркылуу көрсөтүү андан да таасирдүү.
Спорт аянтчасындагы мугалим – жеңишке умтулган спортчу гана эмес, окуучуларына эрктүүлүктүн, ынтымактын жана туруктуулуктун үлгүсүн көрсөткөн тарбиячы.
Спартакиаданын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, ээлеген орундарына жараша кубок, алтын, күмүш жана дипломдор менен сыйланды. 
Ар бир сыйлык – бул спортчунун аракети, тынымсыз даярдыгы жана максатка болгон ишениминин символу. Бирок Спартакиаданын эң чоң жетишкендиги кубоктор менен медалдардын саны гана эмес. Анын чыныгы баалуулугу – катышуучулардын ортосундагы достуктун чыңдалышы, командалык ынтымактын бекемделиши жана спортко болгон кызыгуунун өсүшү. Спорт адамдарды жакындатат, достукту бекемдейт, эркти тарбиялайт жана жаңы бийиктиктерге шыктандырат. Спортто биримдик бар жерде – күч бар. Ынтымак бар жерде – ийгилик бар. Ал эми максатка умтулуу бар жерде – сөзсүз жаңы жеңиштер жаралат!
Курманбек Хайдаров,
“Сапат” ЭБМнин социалдык илимдер, дене тарбия жана
АЧД предметтеринин координатору