«Ден соолук» спартакиадасы: окутуучулар күч сынашууда
- 25.06.2025
- 0
Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук-2025» спартакиадасы Ысык-Көлдүн «Кыргыз деңизи» санаторийинде өтүп жатат.

Ачылыш аземге спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана окутуучулар жааматы катышты. Спорттук мелдештер 29-июнга чейин уланат.

Спорт менен эс алууну айкалыштырган бул саамалык «Жаштык» дирекциясы тарабынан жыл сайын кереметтүү көл жээгинде уюштурулуп келүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер