ДЕМӨӨРЧҮ МЕКТЕПТЕРДИ АКЫЛДУУ ТАКТА МЕНЕН КАМСЫЗДАДЫ
- 25.06.2026
- 0
2026-жылдын 24-июнунда Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерге айылдын тургуну, демөөрчү Нурумбет уулу Нурис тарабынан 12 акылдуу такта тапшырылды.

Маалыматка таянсак, Өрүктү айылында жайгашкан мектептерге 12 даана ар бири 180 000 миң сомду түзгөн, көп кырдуу акылдуу доскалар тапшырылды. Алсак, №17 А.Жуманазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине — 9 даана, №18 Ж.Бешимов жалпы орто билим берүүчү мектебине — 2 даана жана №30 А.Пирматов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмуна — 1 даана такта тапшырылды.



Акылдуу доскаларды тапшыруу аземине Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.А.Акпаралиев, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ала-Бука райондук комитетинин төрагасы Аширмамбет уулу Алмаз катышып, билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн демөөрчү Нурумбет уулу Нуриске ыраазычылык билдирип, өз куттуктоолорун айтышты.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер